Суббота, 20 апреля

АКШ европалыктарды киргизбегенинен улам мунай баасы төмөндөдү

0

Бейшемби күнү мунайга болгон дүйнөлүк баалар 4,5%га төмөндөп кетти. Бул АКШнын коронавируска карата европалыктарды убактылуу киргизбей туруусунан келип чыкты.

Brent маркасындагы мунайдын май айындагы фьючерси (келишим) 4,67%га төмөндөп, бир баррель муңай 34,12 долларды түзгөн. WTI маркасындагы мунайдын апрель айындагы фьючерси 4,64%га арзандап, бир баррели 31,45 доллар болгон. Мүнайдын баасын төмөндөтүүнү токтотуу боюнча жарыя чыкканда 5%га жогорулаган.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп 13-марттан баштап 30 күн бою Европадан (Улуу Британиядан тышкары) өз өлкөсүнө киргизүүнү токтоторун айткан. Анын сөзү боюнча Евробиримдик коронавирустун жайылышына жетишерлик чара көргөн жок. Чечим АКШда мыйзамдуу жашагандарга жана алардын туугандарына жана айрым адамдарга тиешеси жок.

Жуманын башынан тартып коронавирустан улам мунай рыногунда туруксуздук сакталууда. Ошондой эле мунай өндүрүүчү өлкөлөр келишимди өзгөртүү жана аны узартуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. Бул мунай рыногунда кыйроого алып келген.

Дүйшөмбү күнү баанын түшүшү 30%га жеткен. Коронавирустук карантиндер экономиканын өсүшүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн.

Эсиңиздерге салсак, 11-мартта дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирусун пандемия (жаңы оорунун дүйнөлүк деңгээлде таралышы) деп атаган. Дүйнүн 100дөн ашык өлкөсүндө 120 000 тегерегиндеги адам аталган вирусту жуктурган, 4 000ден ашыгы каза болду. Айыккандар дагы бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз