Вторник, 26 ноября

Ат-башынын акимчилиги талашка түштүбү?

0

Фейсбук колдонуучусу Тынчтык Алтымышев Ат-Башыдагы акимчилик кызматынын тегерегиндеги талашты сындаган макаласын өзүнүн баракчасына жарыялаган.

Төмөндө өзгөртпөй беребиз.

Төрагалар “козголоңу” же Атбашыдагы «опасный» прецедент!

Эки жылдан бери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин башчыларын бекитүү боюнча мыйзамга өзгөртүү кирип, азыр район акимдерин Өкмөт башчы өзү дайындап калганын билебиз. Бул аким шайлоодогу айылдык кеңештердин бөлүнүп-жарылуусунан, кырды бычак болуп атаандашып, же болбосо акимдин ордун алуучулар коррупцияга баргандыгы үчүн, айрым райондордо аким шайлоо үзгүлтүккө учураганы үчүн жасалган болчу. Бирок, Өкмөт күчтүү болбосо, бул дайындоо да өтпөй калат окшобойбу. Кызык, Атбашы районунда болду.

Кечээ, Өкмөт тараптан Атбашы районунун акими Жакып Субакожоев кызматынан алынып, ордуна 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин кызматынан кеткен Коногаалы Мааткабылов бараары тууралуу каңшаар кеткен болчу. Ишенимдүү булактардан уккан соң “Атбашыга жаңы аким болуп эски аким келе жатыптыр” деп жаздым эле.;);)

Бирок, бүгүн таңда акимчиликке 2010-жылкы революцияга катышкандар чогулуп, “2010-жылы өзүбүз кубалаган акимди ыңкылаптын 10 жылдыгынын урматына кайра апкелип жатасыңарбы, биз киргизбейбиз” дегендей сөз болуп, мындан улам жаңы аким дайындоо белгисиз мөөнөткө жылганын ошол жактан айтышкан.

Бир чети эми күпүлдөгөн жаш, энергиялуу, креатив, жаштар, айыл өкмөттөрдө, ар кандай мамлекеттик кызматтарда турса, кайрадан мурдагы акимди сунуштоо дагы өкмөт тараптан кеткен чекилик болгону ырас.
Бирок, мага жеткен маалымат боюнча, чуу чыгарып, каршылык көрсөтүүнү артында өзүн аким көрүп жаткан Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Чоробеков Кубан Чоробековуч тургандай. Себеби, биздин колубузга аталган айыл башчысынын акимдикке сунуштаган райондогу 10 айылдын айылдык кеңештеринин төрагаларынын Өкмөт башчыга жолдогон кайрылуусу колго тийди. Анда алар Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысынын “алгылыктуу” иштеп жатканын айтып, бирок, райондун борборунда ал жасаган “алгылыктуу” иштерден бирди да мисал келтирбей туруп, аким кылып дайындоону премьер-министрден суранышканын окууга болот.
Бирок, тилекке каршы, аталган талапкердин чындап эле жасап жаткан мыкты иштери, ишке ашырган долбоорлору эсибизде жок, иттики. Эгер иши менен көрүнгөн болсо албетте сунуштоого эмнеге болбосун…
Бирок, талапкерди сунуштоодо Өкмөт башчы дайындап жиберген акимди ордуна отургузбай, тымызын каршылык уюштуруу канчалык мыйзамдуу жана этикага жатат? Дегеле, биздин Конституция боюнча, президенттен да күчтүү укуктары бар Өкмөт өз чечимдерин ишке ашыруудан эмнеге айбыгып жатты экен? Эми эртең, тигил кайрылуу жолдогон төрагалар катын көтөрүп алып, Өкмөт башчысына жолугушууну талап кылып келе жатканы да маалым болду. Ошондо бизде кош бийлик орноп калган жокпу?!

Эми мындан соң Мухаммедкалый Дүйшөкеевич кызыкчылыктар кагылышына чекит коюп, сырттан нейтралдуу талапкерди акимдикке дайындоо менен маселени жайгаруу МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН колунан чыгарбашы керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз