Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы мечитте теракттын айынан каза болгон мусулмандарды эскерүү болду. Жалпы 51 адам каза тапкан.
Чабуул “Нур” жана “Линвуд” мечиттеринде болгон. Жалпы улуттук эскерүү иш-чарасы коронавирустун коркунучунан улам болбой калган. Ага карабастан миңдеген адамдар чогулуп эскеришти. Иш-чарага Жаңы Зеландиянын шаарларынан, ар кайсы өлкөдөн келген мусулмандар жана башка дин өкүлдөрү катышты. Алар каза болгондорго арнап гүл коюшту.
“Биздин өлкө мурдагыдай эмес”-деп жазган Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн Facebook баракчасына.
Эсиңиздерге салсак, 2019-жылдын 15-мартында Крайстчерч шаарындагы эки мечитке чабуул болуп, 51 адам көз жумган.
Теракттан кийин 29 жаштагы австралиялык Брентон Таррант кылмышка шектелип кармалган. Эгерде күнөлүү деп табылса өмүр бою эркинен ажыратылат.