Суббота, 27 апреля

Идлибди түрк-орус аскерлери биргелешип күзөтө башташты

0

Түрк-орус аскерлери биринчи жолу биргелешип Идлибдеги М4 автоунаа жолун күзөтө башташты. Бул тууралуу Түркиянын улуттук коопсуздук министрлиги билдирди.

Күзөтүү учкучсуз учак менен көзөмөлдөнүүдө.

“Жашоочулардын коопсуздугун сактоо жана чагымчылыкка алдырбоо үчүн көзөмөлгө алууга бардык шарттар каралган. Бул эки тараптын макулдашуусу менен ишке ашты”- деп айтылат маалыматта.

Идлибдеги М4 автоунаа жолунда түндүктөн 6 кмге, түштүктөн 6 кмге коопсуздук коридору түзүлгөн. Орто эсеп менен 80 чакырымдык аралыкта болуучу күзөт иштери менен ок атышпоонун туруктуу абалга келитирилиши пландалууда.

Эсиңиздерге салсак, 5-мартта Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен РФнын башчысы Владимир Путин жолугуп, Идлибдеги абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүшкөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз