Вторник, 23 апреля

Орусиянын АКШдагы консулдугу кызмат көрсөтпөй калды

0

Орусиянын АКШдагы элчилигинин консулдук бөлүмү жарандарды кабыл алуусун токтотот. Бул тууралуу элчилик фейсбук баракчасына жазган.

Коронавирустун күч алып баратканынан улам коопсуздукту сактоо үчүн 2020-жылдын 16-мартынан тарта Вашингтондогу Орусия консулдугу кызмат көрсөтпөйт.

Орусия жарандарынын шашылыш кайрылуусу болсо +1 (202) 365 21 24 номуруна чалса болот.

“Консулдук кызмат алуу үчүн 2020-жылдын 16-мартына жазылган жарандардын кайрылуусу кабыл алуу мөөнөтү келгенде ишке ашат”- деп түшүндүрүшкөн маалыматта.

Белгилей кетсек, АКШда 3,2 миң адам коронавирус менен күрөшүүдө, 62 адам каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз