Пятница, 3 мая

Ошто күнүнө 10 миң бет кап чыгарылууда

0

Ошто медициналык бет кап өндүрүлө баштады, күнүнө 10 миң беткап чыгарылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

«Монополияга каршы кызматка дары-дармектерге, анын ичинде беткаптардын бааларын көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди. Ошто «Дастан-Юг» ишканасында медициналык беткаптар өндүрүлө баштады. Күнүнө 10 миң беткап чыгарылууда. Айына 400 миң беткап болот. Ал эми жылына дээрлик 10 миллионго жетет. Алардын чыгарган бет каптарынын сапаты бардык талаптарга жооп берет. Башка тигүүчү ишканалар да медициналык беткаптарды чыгарууга сунуштарын айтып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Эсиңиздерге салсак, коронавирустун дүйнөгө жайылышынан улам бет каптар тартыш болууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз