Суббота, 27 апреля

Дааватчыларды коронавирус жугузушту деп күнөөлөштү

0

Кечээ, 15-мартта Малайзия өлкөсүндө 190 адамда коронавирус бар экендиги айтылды. Алардын көпчүлүгү Куала Лумпурдагы Шри Петалинг мечитиндеги Таблигдердин конвенциясына катышкандардан табылган.

Малайзия саламаттыкты сактоо министрлиги жыл сайын өтүүчү Таблиг жамаатынын чогулушуна катышкан 5000ден 14 500 адамга чейин карап чыкты.

Министрликтен билдиришкендей, 27-февралдан 1-мартка чейин өткөн чогулушка 16 000ге жакын адам катышкан. Алардын 14 500ү малайзиялыктар болсо, 1 500ү чет элдиктер.

Анда 53 жаштагы Брунейлик эркек адамда коронавирус табылган. Бирок мечит комитетинин төрагасы Мохд Саллех Абд Мубин коронавирус табылган адам менен мечиттин байланышы жок экендигин, саламаттыкты сактоо министрлиги аныктай элегин айтты. Анын пикири боюнча конвенция вирустун булагы болгон эмес.

Малайзияда жалпы 428 адамда короновирус катталган. Бул түштүк-чыгыш Азиядагы эң көп коронавирус катталган өлкө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз