Суббота, 20 апреля

Жалал-Абадда коронавируска карата 7 кой союлду

0

Жалал-Абад обусунун Сузак районуна караштуу Орто-Азия айылында «Молдо Торобай» мечитинин имамы Абибилла ажы Бапановдун демилгеси менен ар кандай оору сыркоо жана коронавирустун алдын алуу максатында жергиликтүү тургундары 7 кой союшуп түлөө өткөрүштү.

Бул жөрөлгөгө Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы  Исмаилов катышып, мамлекетибизге тынчтык, токчулук каалап, чогулган элге садака кылуунун пазилети тууралуу айтып өттү.

Ошондой эле элди дүрбөлөңгө түшпөөгө жана адистердин көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырды.

Эскерте кетсек, союлган малдын эти жергиликтүү тургундарга таратылып берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз