Пятница, 17 мая

«Газпром Кыргызстан»: Бишкектеги Красный строителге газ берүү токтотулат

0

16-марттан 20-мартка чейин Бишкек шаарынын Красный строитель конушунда жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы билдирди.

Авариялык жана калыбына келтирүү иштери узартылып жаткандыгына байланыштуу токтотулганы айтылды. 

Маалыматка ылайык, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Красный строитель конушунда 9-марттан 13-мартка чейин газ берүү токтотулары маалымдалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз