Четверг, 2 мая

Куран жарышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды

0

Республикалык «Куран жазы» аталышындагы куран жарышы учурдагы кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чара Муфтият тарабынан уюштурулуп жаткан.

«Куран жарыш 12-апрелде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун «Ак-Тайлак ата» борбордук мечитинде өтмөк», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз