Миндеген качкындар Европага кирүү үчүн Түркия менен Грециянын чек арасында турушат. Алардын көпчүлүгү Мерич дарыясы менен өтүүгө ашыгышууда. Качкындар үйлөмө кайыктарды колдонуп, чек арадан өткөндөр шаар аралап кетип жатышат.
Греция аскерлери көздөн жаш агызуучу газдарды дагы деле колдонуп, качкындарды өлкөгө киргизбөөнүн аракетинде. Алардын кийимдерин чечип, телефондорун алып, сабаган учурлар да катталган.
Качкындардын бөлүгү 18 күндөн бери үмүт менен чек арада турушат. Нейтралдуу аймактагыы “Пазаркуле” жана “Кастаниес” көзөмөл-өткөрмө пунктуна 10 миңдей адам чогулган. Алар чатырчаларда жашат жатышат. Нөшөрлөп жааган жамгырдан качкындардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизүүдө.
Бүгүн, 17-мартта Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүсү болот.