Суббота, 20 апреля

Жапония Иранга 23,5 миллион доллар берет

0

Жапония өкмөтү коронавирус менен күрөшүү үчүн Иранга 2,5 миллиард иен (23,5 миллион доллар) берет. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта аталган өлкөнүн ТИМ башчысы Мотэги Тосимици билдирди.

“Ирандагы оору жуктургандар 15 миңге чамалап баратат. Бул боюнча Кытай жана Италиядан кийинки эле орунда турат. Коронавирустун жайылышы эл аралык биримдиктерди тынчсыздандырууда”-деди Тосимици.

Министр Иранда технологиялык кызматташтыкта, медкызматкерлерди материалдык жактан камсыздоодо, ооруканаларда, карантиндик орундарда талап болушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

Иранга каралган акча Жапониянын эл аралык уюмдарга каралган 15,5 миллиард иендин ичинен бөлүнгөн.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирусту пандемия деп атаган. Учурда 150 өлкөдөн 160 миң адам ооруп жатат. Акыркы маалымат боюнча Иранда 853 адам каза тапкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз