12-апрель космонавттардын күнүн коронавируска байланыштуу 4-октябрга жылдыруу пландалууда. Бул тууралуу космостук-ракета тармагынан билдиришти.
“Коронавирустун жайылышы күчөп баратканынан улам чет элдик коноктордун катышуусунда өтүүчү иш-чара 4-октябрга жылдыруу каралып жатат”- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 10-апрелге чейин массалык иш-чараларды уюштурууга тыюу салган.