Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу үчүн 50 адамдан көп орундугу бар кафе, ресторандар жабылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
“Коомдук тамактануучу жайлар жабылат. Тамак-аштарды жеткирип берүү кызматы менен алса болот”-деди Өмүрбекова.
Ал бизнес өкүлдөрү туура кабыл аларына болгон үмүтүн жана бул 3 жума өтө маанилүү экенин белгиледи.
Учурда өлкөдө коронавируска чалдыккан учур каттала элек. 300дөн ашык адам карантинде жатат. Студенттер жана мектеп окуучулары 3 жумага таратылган.