Четверг, 2 мая

Кыргызстанда 3 адамдан коронавирус табылды

0

Бүгүн, 18-мартта Кыргызстандын аймагында 3 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн коронавируска карата чукул жыйынында айтылды.

Коронавирус Сузак районунун 3 жашоочусунан табылган. Алар жакында эле Сауд Арабиясына умрага барып келишкен. Учурда алар Ош облусунда обсервацияда жатышат.

Өкмөт элди дүрбөлөңгө алдырбоого жана жеке гигиенаны сактоого чакырды.

Эсиңиздерге салсак, кечээ 17-мартта Бириккен Араб Эмиратында 15 адам коронавирус менен ооруп жатканы айтылган. Бүгүнкү маалымат боюнча ооругандардын саны 113кө жеткен. Алардын бирөө кыргыз жараны.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз