Пятница, 19 апреля

Путин: Конституцияны өзгөртүүгө добуш берүү 22-апрелде болот

0

Орусиянын президенти Владимир Путин Конституцияны өзгөртүүгө добуш берүүнү 22-апрелде өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул документ Кремлдин расмий сайтына жайгаштырылган.

Мамлекет башчы белгиленген күн коронавируска карата өзгөрүп кетиши мүмкүн экендигин белгилеген.

“Биздин жарандардын ден-соолугу жана өмүрү маанилүү”- деди Путин.

Ал коронавирус катталган өлкөлөр саясий иш-чараларды токтотпогонун айтты.

Белгилей кетсек, Конституциялык сот башкы мыйзамга өзгөртүү киргизүү конституцияга туура келерин белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз