Четверг, 25 апреля

Европада дарыгерлер Covid-2019 жуктурууда

0

Кытай дарыгерлери европалык кесиптештеринин коронавирустан сактанбаганын катачылык катары эсептешет.

“Биздин европалык кесиптештерибиз коронавирусту күнүмдүк жумуш үстүндө жуктуруп алып жатышат. Медицина кызматкерлерибизди сакташыбыз керек”- деди Пекин медициналык колледжинин профессору Ву Донга.

Белгилүү болгондой, өпкөнү сезгенткен оору батыш өлкөлөрүнүн медицина кызматкерлеринен дагы табылган. Коронавирус башталган Ухань шаарында коргонуу каражаттары жетишсиздигинен улам миңдеген дарыгерлер ооруну жуктурган. Алардын 46сы каза тапкан.

2003-жылы жайылган SARS оорусуна салыштырмалуу коронавирус жуктурган адам эч кандай ооруну сезбей да калышы мүмкүн. Ошондуктан дайыма текшерүүдөн өтүп туруу керектигин айтышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз