Воскресенье, 19 мая

АКШ Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондорду кайтарат

0

АКШ Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондорду кайтарат
Ал акча өлкөбүздөгү сот имараттарында видеого тарта турган жабдыктарды орнотууга, айылдарды таза суу менен камсыздоого жана саламаттыкты сактоо тармагына керектүү жабдыктарды сатып алууга жумшалат. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Элис Уэллс бүгүн Бишкекте билдирди.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары жана баласы Максим бийлик колдо турганда мамлекеттик мүлктү-талап тоноо жана коррупциялык жол менен чыгарып кеткен каражаттарды Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча АКШ менен келишим түзүлдү.
Уэллс КР Финансы министрлигинде болгон жыйында 6 миллион доллардын 4,6 миллиону конфискациялоо боюнча буйрукка ылайык кайтарып алынып, Кыргызстанга которула тургандыгын билдирди.
Ал эми каржы министри Бактыгүл Жээнбаева бул каражаттар 2010-жылы өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткенин жана америкалык кесиптештердин жардамы менен мыйзамдуу түрдө кайтарып алууга аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.
«Бул акчалардын колдонулушу ачык-айкын болот жана аларды пайдаланууда болушунча майнаптуу натыйжа алуу үчүн бардык иш-аракеттер жумшалат», — деди министр.
Өз кезегинде Элис Уэллс АКШ кыргыз элине таандык болгон акча каражаттарды кайтарып берүүдө кыргыз өкмөтү менен кызматташып жатканына сыймыктанарын билдирди.
«Андан сырткары, өлкөнүн өнүгүшүнө бөлүнгөн каражаттарды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн уурдаган аткаминерлерге жол бербейбиз деген билдирүүнү жөнөтүп жатабыз», — деди ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында уурдалган каражаттарды кайтарып берүү үчүн атайын келишимге кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз