Четверг, 19 сентября

«Себаттагы» («Сапат») сексуалдык ыдык көрсөтүү жана уруп-согуу иликтенет

0

«Себаттагы» («Сапат») сексуалдык ыдык көрсөтүү жана уруп-согуу иликтенет
«Сапат» (мурдагы аталышы «Себат») лицейлер тармагынын башкы директору Нурлан Кудайбердиев анын бүтүрүүчүлөрүнүн ыдык көрсөтүү жана ур-токмокко алуу жөнүндөгү билдирүүлөрү текшерилээрин айтты. Өткөн дем алыш күндөрү «Сапаттын» мурдагы окуучулары мугалимдердин ыдык көрсөткөн мамилелери менен токмоктоолору тууралуу окуяларын #metoosebat хэштеги аркылуу бөлүшө башташкан болчу.
— Бул хэштегдин алдында жазгандар лицейди 10-15 жыл мурун бүтүрүп кеткендер окшойт, — деди ал. — Ошого карабай, биз бул маалыматтарды текшеребиз, аларга байланышып, ким эмне болгонунун баарын сурайбыз. Такталат. Бизде окуучуга туура эмес мамиле кылган мугалимдер болуп калса иштен алынат. Эгер кысым же башка одоно мамиле көрсөтүү болсо, биздин окуучулар ачык эле айтып чыгышат. Биз аларды дайыма угабыз.
Н. Кудайбердиев лицейлерде мугалимдердин окуучуларга карата мамилеси дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин, ошентсе да ыдык көрсөтүү жана уруп-сабоолор жөнүндө маалыматтардын бардыгы текшерилээрин билдирди.
«Сапаттын» директору «Твиттерде» #metoosebat деген хэштегдер белгилүү боло баштагандан кийин билдирүү жасады. Социалдык тармактардын колдонуучулары хэштегдин алдында мектептердеги мугалимдердин ыдык көрсөтүү жана уруп-сабоолору жөнүндө окуялары менен бөлүшүшкөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз