Таласта коронавируска шектелген бир адам обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөттөгү маалымат жыйында айтты.
Буга чейин Талас облусунун жараны коронавирус күмөнү менен обсервацияга жаткырылды деген маалымат тараган. Төлө Исаков ал маалымат чын экенин тастыктады.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, районго кирүүгө жана чыгууга тыюу салынган.