Пятница, 22 ноября

Коронавирус. Дүйнөлүк банк 8 миллион доллар берет

0

Бүткүл дүйнөлүк банк  Кыргызстандын коронавирус менен күрөшүүсү үчүн 8 миллион доллар берет. Ал реанимациялык аппарат сатып алууга жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков кабарлады.

«Бүгүнкү күндө реанимациялык аппараттын так санын айта албайм. Эгерде коронавирус жайылып кетсе аппарат алууга туура келет. Ошондуктан бүткүл дүйнөлүк банкка кайрылганбыз, алар 8 миллион доллар берет. Ыкчам түрдө кол коюлса аппараттарды ала баштайбыз»-деди Исаков.

Ал коронавируска карата 1600 орундук бар экендигин, анын үч жүз жыйырма биринде карантинге алынган бейтаптар жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3 адамдан коронавирус табылган. Алардын абалы туруктуу экендиги айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз