Четверг, 18 апреля

Дүйнөнүн төрт бурчундагы кыргыздар вирус менен кантип күрөшүп жатышат?

0

Алгач Кытайдын Ухань шаарында катталып, бара-бара дүйнөнүн булуң бурчуна жайылган корона вирус учурда дүйнө элин дүрбөлөңгө салууда. Жалпы жер жүзү боюнча бул ылаңды жуктуруп алгандардын саны 208 миңге жетсе анын 8,5 миңдейи оорудан улам каза табышты. Баардык өлкөлөр алдын алуу, ылаң менен күрөшү иштерин жүргүзүшүүдө. Кыргызстанга келген коркунучтуу ылаң коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Ошондой эле дүйнөнүн төрт тарабында окуп-иштеп-жүргөн жүз миңдеген мекендештерибиз бар. Kyrgyz.news айрым өлкөлөрдө эмгектенип, билим алып жүргөн журтташтар менен баарлашты.

Түштүк Кореяда эмгектенген мекендешибиз Алтынбек Кадыркулов ал өлкөдөгү абал боюнча Kyrgyz.news маалымат сайтына Түштүк Корея ооруну акырындап жеңип жатканын билдирди.

Алгач Түштүк Корея коронавирусту жуктурган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында эле. Бирок  бул өлкөдө медицина тармагы өнүккөн үчүн жайылууну алдын алып токтотуп калышты. Кореяда 8, 5 миңдей оорулу катталган,  анын 2 миңдейи сакайды. Вирусту дароо аныктоочу апараттарды да ойлоп табышты. Ал эми ишканалар ишин токтоткон жок. Азык-түлүктөр тартыш эмес, баалар да көтөрүлгөн жок. Кыргыз Республикасынын элчилиги жарандарга расмий кайрылуу жасады, сак болууну, эгер оорулу катталса байланыша турган номерлерди таркатты. Бир гана мыйзамсыз иштеп жүргөндөр өлкөдөн кетишти, күнүмдүк иштегендер токтоду. Ал эми келишим менен жумушка келгендер кетишкен жок. Өлкөнүн бүт шаарларында дезинфекция кылынып жатат. Бүт жерде адамдардын колун тазалап туруусу үчүн антисептиктер коюлган.

Түркиянын Измир шаарында окуган Түгөл Нурмаматов окуу бүт өлкө боюнча токтотулуп, 3 жумага эс алуу жарыяланганын билдирди.

Жатаканада жашайбыз. Алгач эс алуу жарыялаган күндөн тартып эле, түркиялык студенттер өз үйлөрүнө кетип калышкан. Учурда жатаканаларда чет өлкөлүк студенттер гана калып, шаардагы бүт жатаканалар жабылып, баарын бир жатаканага топтолушу күтүлүүдө. Анын айтымында баардык чет өлкөлүк студенттер бир жатаканада карантинге алынат. Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги окуп-иштеп жаткан кыргызстандыктарды сак болууга, эрежелерге баш ийүүгө чакырды. 19-марттагы кабарлар боюнча Түркияда 2 жаран вирустан өлүп, 191 киши оору жуктурганы катталган.

Болгарияда эмгектенген кыргызстандык жарандардын бири Гүлзира Разак кызы биз менен болуп жаткан кырдаал боюнча маалымат бөлүштү.

Учурда Болгария боюнча 23 киши оору жуктурганы маалым болду. Анын ичинде биз иштеп жаткан Троян шаарында да бир киши катталыптыр.  Дүкөндөргө кирсек текчелер бош калып, тамак-аш азыктары калбай жатат, адамдарды да кезек менен гана дүкөндөргө киргизип жатат. Бирок азык-түлүктүн баасы көтөрүлгөн жок. Биз жумушта бет кап, кол кап кийип иштеп жатабыз. Жатаканада жашагандыктан биз да бир жумалык азык-түлүк алып койгонбуз.

Түндүк Кипрде иштеген мекендештерибиз аралда 20 киши ооруну жуктуруп алганын билдиришти.

Дүкөндөрдө азык-түлүк кенен, баары эле бар. Болгону кечки 6 га чейин кана дүкөндөр иштеп жатат. Ошентсе да эмне болот эмне жок, үйүбүзгө азык-түлүк камдап койдук. Окуу, иштер 27-мартка чейини убактылуу токтотулган. Үйлөрдө эле сыртка чыкпай олтурабыз деп маалымдашты.

Ал эми Малайзияда билим алган студенттер вирус алгач Кытайда башталып, дүйнөгө тарап жатканда эле өздөрү Кыргызстанга кайтып келе беришкенин белгиледи.

Германиянын Вормс шаарында окуган мекендешибиз Калыгул Жунушбеков ал өлкөдөгү кырдаал боюнча Kyrgyz.news сайтына төмөндөгүчө маалымат берди.

Гермнаияда абал улам оорлошуп бара  жатат. Учурда жуктуруп алгандардын саны 10 миңден ашты. Бийлик өкүлдрү да 60-70%  элге жугушу мүмкүн экендигин билдиршити. Ал эми иштеп жаткан компаниялар, ишканалар да онлайн тартипке өтүп жатат. Кадимкидей эле үйдө эрте менен жумушту баштайбыз, кечке чейин иштейбиз. Бирок баары карантинге алынган жок. Бул жакта иштеп, окуп жаткандар немис эли эмнени жашап жатса, биз да ошол эле абалды жашап жатабыз. Немис өкмөтүнөн да биздин мамлекет тарабынан да маалыматтарды алуудабыз. Сыртка чыкпоого аракет кылуудабыз.. Окуулар 20-апрелге чейин токтотулду. Биздин жылда өткөрүүчү Нооруз майрамы да быйыл өтпөй калды. Дүкөн, маркеттерде азык-түлүк түштөн кийин, кечинде калбай калууда. Маркеттер да бат-баттан текчелерин толтурууга аракет кылууда. Бирок дүкөндөр бүт ачык. Биз да сактыка кордук жок деп көпкө сакталчу азык-түлүк алып  койдук. Немис эли макарон, консерваларды көп алып жатат. Ундарды канчалык алып жаткандыгы белгисиз. Ал эми баалар да көтөрүлбөдү. өз ордунда турат. Мыйзам да Германияда катуу иштейт эмеспи. Ал эми биздин элчилик, консулдуктар өз аракеттерин кылып, акыркы маалыматтар менен бөлүшүүдө. Социалдык тармактар аркылуу кандай алдын алуу чараларды алышыбыз керек экендигин, мамлекетибиздеги абалды да маалымдап жатышат.

Чехия: Чехия Текникалык Университетниде билим алган мекендешибиз Темирлан Маматазиз уулу 350 гө жакын адам ооруну жуктуруп алганын маалымдады.

Негизинен Чехия мамлекети жакшы алдын алуу иштерин алып барууда. Кыргыз студенттери чех элиндей эле көчөгө чыкпайт, чыкса да бет кап менен чыгат. Дүкөндөр менен дарыканалар гана ачык иштешүүдө. Калган баардык мекемелер жабылды. Көчөгө чыкканда катуу көзөмөл бар, зарыл ишиң болуп эле чыкпаса, сейилдеп чыгууга болбойт. Бүткүл өлкө карантинге алынды. Элчилик, же Кыргыз Республикасы тарабынан да эч кандай эскертүү, кайрылууларды алган жокпуз азырынча. Элдер көчөгө чыкпаса да, ар кандай кырдаал болуп кетпесин деп, транспортторду көбөйттү.

Египетте билим алып жаткан Акыл аттуу мекендешибиз өлкөдө абал туруктуу экендигин, адамдар коомдук жайларда кенен жүрүшкөндүгүн маалымдады. Анын айтымында Египетте 100 дөн ашуун адам ооруну жуктурганы менен кыргызстандык студенттер баары жакшы, бири-бирине медициналык этияттыктарды эскертип турушат.

Жалпы өлкө боюнча эки жумга окуу жайлар жабылган. Бүгүн өзүм атайын базарга чыгып көз салып келдим. Базарда, дүкөндө азык-түлүк, тамак-аш толтура турат, эч кандай тартыштык жок. Тескерисинче мурдагыдан бир аз арзандап да калыптыр. Бир гана бет кап (маска) кымбаттап кетиптир. Кыргыз студенттер үйлөрдү ижарага алып жашашат негизинен. Үйлөрүндө алдын алуу чараларын көрүп жатышат.  Элчилик менен да тыгыз байланышта болуп жатабыз..

Бексултан Абакиров АКШнын Чикаго шаарында EvolveCyber IT мектебинде билим алат. Анын айтымында АКШда өзгөчө кырдаал киргизилген. “Калифорния жана Вашингтон штаттарында короновируска каршы катаал чаралар көрүлүп жатат. Салыштырмалуу Иллинойс штатында абал жакшыраак. 2 жумага карантин жарыяланган. 50 дөн көп киши жыйналып, чогулууга тыюу салынды. Окуу жайлар, мектептер жабылып, сабактар онлайн түрдө өтүлүп жатат. Биздин академияда группанын саны 50 гө жетпегендиктен азырынча жабыла элек, бирок студенттердин жарымы онлайн түрүндө сабактарга катышууда. Бир жума мурда Чикагодо дүрбөлөң болуп, дүкөндөрдө кезек пайда болгон, азыр кырдаал туруктуу, баардык тамак-аш бар. Азык-түлүк да камдаган жокпуз. Ресторан, кафелер отуруп жегенге жабык болгону менен үйгө алып кетүүгө уруксат берилген. Бул жакта кыргыз студенттери көпчүлүгү иштешет, бирок карантин студенттерди жумушсуз калтырды. Элчилик тараптан да азырынча эч кандай кайрылуу ала элекпиз.

Надырбек уулу Жанболот Дубайда бир компанияда сатуучу болуп эмгектенет.

Учурда Дубайда 6-7 миңге чейин кыргызстандыктар иштешет. Башка өлкөдөн туристер бул шаарга көп келишкени үчүн да оору коркунучу бар. Кытай туристер да агылып келишчү. Натыйжада Дубайды вирус коркунучу каптады. Бирок азык-түлүк тартыштыгы жок азырынча. Дүкөндөрдө баардык тамак-аш бар. Такси, метролорду дезинфекция кылышууда. Башка өлкөлөрдүн жарандарына туристтик визаларды берүүнү да токтотту. Жумушчуларды эмгек өргүүсүнө жөнөтүшүүдө. Бизге да 3 айлык эс алуу бергени жатат. Анткени кардар жок, иш жок. Кырдаал турукташканда кайтып келесиңер дешүүдө. Көчөгө чыкпагыла, адам көп чогулган жерлерге барбагыла деп, мечиттерге барууга да чектөө киргизишүүдө. Дүкөндөр түшкү 12ден 8ге чейин гана иштеп жатат.

Элчилик же консулдук кандай иш алып барууда?

 БАЭдагы Кыргызстан элчилиги Абу-Даби шаарында, ал эми Дубайда болсо консулдук иштейт. Алар вирусту алдын алуу боюнча да кайрылууларды жасашууда. Дубай-Бишкек рейстери адам аздыгынан токтоп калган. Консулдук да билет алып алгандарга күйүп кетпесин деп жардам беришүүдө. Дубайга эс алууга келип, кайра мекенибизге Алматы аркылуу учкан бир үй-бүлө. Алматы аба майданынан Казакстандын тийиштүү органдары кайра Дубайга салып жиберишиптир. Алар Дубай аба майданына келип, эмне кыларын билбей калышканда, консулдук дароо маселени карап, Дубайда эмгектенген жарандар да акча топтоп билет алып беришмей болду. Мурда калып калгандар менен эми баары биригип түз Бишкеке учушмакчы.

Бириккен Араб Эмираттарында бир кыргыз атуулу ооруну жуктуруп алган деген маалымат тарады?

Азырынча тактала элек. Элчилик, консулдук ким экендигин тактоо үчүн атайын иштерди алып барууда. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигине кайрылышты. Алар тактап анан так маалымат беришерин билдиришиптир. Консулдук да дароо маалымат таратат. Негизинен баардык кыргыздар жакшы эле жүрүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз