Вторник, 17 сентября

Акча Англиядан качууда

0

Акча Англиядан качууда
Англиянын Евробиримдиктен бөлүнүп чыгуу мөөнөтү жакындаганына карабастан бул маселе боюнча дагы деле тараптардын бир пикирге келе албаганы чоң ишкердик фирмалардын жана каражат уюмдарынын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө шарт түзүүдө. Көптөгөн эл аралык финансы уюмдары каражаттарын Англиядан чыгарып кетүү аракетин баштады.
Англиянын премьер-министри Тереза Мэй сунган өлкөнүн Евробиримдик чыгуусуна (Brexit) байланыштуу келишим Англия парламентинде колдоого алынбагандан соң өлкөнүн бизнес чөйрөсү өзгөчө чечимдерди кабыл алууга мажбур болууда.
Лондондогу финансы мекемелери өлкө экономикасынын болжол менен 80% түзөт. Алар кызмат көрсөтүү тармагынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн финансы секторунун Европа рыногуна сунган кызматынын токтоп калуусунан тынчсызданып жатышат.
Англиянын Евробиримдиктен чыгуу мөөнөтү (29-март) бүткөнгө чейин финансы мекемелеринин болжол менен 800 миллиард стерлинг каражатты өлкө сыртына алып чыгуусу күтүлүүдө.
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, 222 финансы мекемесинин сексени, башкача айтканда 36 пайызы жумушчуларынын же операцияларынын бир бөлүгүн азыртан Европага көчүргөн же болбосо көчүрүүгө даярданып жатат. Англиядагы жергиликтүү 48 эл аралык банк жана инвестициялык мекеменин болжол менен 27си (56%) операцияларын өлкө сыртына чыгарууну пландаштырып жатат же алып чыгып кетти. Англиянын Евробиримдиктун чыгуусу менен өздөрүнө Европа рыногунун эшиги жабылаарын түшүнгөн эл аралык финансы мекемелери Лондондун Европадагы атаандаштары болуп эсептелген Дублин, Люксембург, Франкфурт жана Парижде ушул мезгилге чейин жалпысынан 2 миң кишини ишке алды. Бир эле Barclays банкы 160 миллиард стерлинг өлчөмдөгү каражатын Англиядан чыгарууда. Бул сумманы банктын Дублиндеги жардамчы компаниясына которуу үчүн Жогорку Сотко жиберилген кайрылуу оң жагына чечилген.
Bloomberg International уюмунун маалыматына ылайык Deutsche Bank 400 миллиард евро, JP Morgan 200 миллиард евро, Goldman Sachs 60 миллиард евро, Citigroup 50 миллиард евро, Morgan Stanley болсо 40 миллиард евро өлчөмүндөгү каражатын Лондондон Франкфуртка которуу чечимин кабыл алгаy. Бирок банктар азырынча бул маалыматты тастыктай элек.
Өткөн жылдын июнь айында Англия Борбордук Банкынын башчысы Марк Карней, Евробиримдиктеги Англиянын бул уюмдан чыгышына байланыштуу керектүү өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизилбесе триллион стерлингдик өндүрүш келишимдери тобокелчиликке кабылаарын айткан. Англия Борбордук Банкынын маалыматына караганда, азыркы учурда кароодо болгон жана керектүү оңдоо-түзөө иштери жасалгандан кийин дагы тобокелчиликке дуушар боло турган өндүрүш келишимдеринин жалпы суммасы 29 триллион стерлинг (38 триллион доллар) көлөмүндө.
Англияда эки миллиондон ашык сандагы финансы мекемелеринде эмгектенгендердин 700 миңге жакыны Лондондо жашайт. Англия парламентинин Жогорку Палатасынын маалыматына караганда Англиянын финансы жана камсыздандыруу кызматынын өлкө экономикасына болгон салымы жылына болжол менен 127 миллиард стерлингди түзөт.
Евробиримдиктен чыгуу боюнча референдум өткөрүлгөн 2016-жылдын июнь айынан бери инвестициялоо пландарын убактылуу токтоткон көптөгөн финансы мекемелеринен сырткары ишканалар да операцияларынын бир бөлүгүн башка өлкөлөргө өткөрө баштаган.
Англия өнөр жай конфедерациясынын башчысы Каролин Файрбайрн 30-январдагы кайрылуусунда Англиядагы ишканалар өлкөнүн Евробиримдик менен пикир келише албай тургандыгын эске алып ага каршы даярдыктарын күчөтө башташкандыгын айткан жайы бар. Буга мисал катары Англиянын дүйнөгө таанымал турмуш-тиричилик техникасы ишканасы “Dyson” башкаруу борборун Англиядан Сингапурга көчүрүү чечимин кабыл алган. Ишкана буга чейин Сингапурга бир объект куруп, ал жерден электр тогу менен жүрүүчү автоунааларды чыгараарын жана биринчи автоунааны 2021-жылы рынокко чыгарууну пландаштыргандарын кабарлаган эле.
Англиянын 182 жылдык деңиз транспорт курулуш ишканасы P&O да Англиядагы каражаттарын Түштүк Кипрге жайгаштыруу чечимин кабыл алганын жар салган. Дүйнөгө таанымал технологиялык ишкана болуп эсептелген Sony болсо Европа операцияларынын башкаруу борборун Лондондон Амстердамга көчүрүү чечимин чыгарган.
Евробиримдиктен чыгуунун жалпы наркы 15 жыл ичинде 252 миллиард стерлингге жакындашы мүмкүн. Эл аралык финансы мекемелери, эл аралык бизнес ишканалар, жада калса Англиянын расмий мекемелери да Евробиримдиктен бөлүнүүнүн чыгымдарды эсептеп жатышат.
The Independent газетасында жарыялаган маалыматка караганда Англиянын Евробиримдиктен келишим менен эмес, пикир келишпестик менен чыгуусу алдыбыздагы 15 жыл ичинде өлкө экономикасына 252 миллиард стерлинг зыян алып келүүсү толук мүмкүн.
Англиянын Евробиримдик менен бир пикирге келе албастан ажырашуусу Евробиримдик менен болгон соода-сатыкты Дүйнөлүк Соода Уюмунун талаптарына жараша аткарышы керек дегенди түшүндүрөт. Ал эми бул маселе алдыдагы 15 жыл ичинде өлкө өсүүсүнүн 8 пайызга азайуусуна алып келет.
Англия Борбордук Банкы Brexit процесси учурундагы келишпестиктердин айынан 2019-жылы экономиканын өсүүсү 1,7 пайыздан 1,2 пайызга төмөндөп, 2020-жылы болсо, 1,7 пайыздан 1,5 пайызга чейин төмөндөөрүн белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз