Бул жылы ТҮРКСОЙ Өзбекстандагы Хива шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп атады. Мындай чечим 2019-жылдын 30-ноябрында ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешинин 37-отурумунда бир добуш менен кабыл алынган эле.
Түрк тилдүү өлкөлөрдү бириктирүү максатында иш жүргүзгөн ТҮРКСОЙ уюму Хивада масштабдуу иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо.
Тарыхый тамыры терең болгон Хива шаарынын тандалып калышы жөн жерден эмес. Мурда Хейвак деп аталган Хива шары Өзбекстандын батыш жагында жайгашкан. Ал 2523 жыл мурда негизделген эски шаарлардын бири. Анын жаралышы кудук окуясынан башталган дешет. Ал кудуктан чыккан суунун дамы бир укмуш болгон деп айтылат. Кудукту азыркы күндө дагы көрсөк болот. Бул кудукту библиядагы Ноянын баласы Сима каздыргандыктан шаардын түптөлүшүнө аталган адамдардын таасири бар экендиги маалымдалат.
Шаардын тургундары X кылымга чейин шаманизм, зороастризм сыяктуу эски диндерде жашашкан. Алар каза болгон адамдардын сөөктөрүн оссуарияга (табыт түрүндөгү кутуча) сактап коюшкан. 712-жылы арабдар келгенден кийин ислам дини жайылып, медреселер ачылган. Бул аймакта IX кылымдан тарта астрономия, медицина, математика, химия илимдери өнүгө баштаган. X кылымда Хива шары Улуу Жибек жолунун соода-сатык борбору болупт урган. 1600-жылдары ислам дүйнөсүнүн руханий борборуна айланган. Азыркы убакытка чейин булл шаардын тарыхый жайлары сакталып калган.
Тегереги чеп менен курчалган шаарда музейлер көп. Чеберчилик менен тургузулган дарбазалар, мечит-медереселер, шаарды көзөмөлгө алуу максатында курулган узун мунаралар бар. Бул жайлар ураган учурларда жыгач же ылай менен оңдолуп турган. Куурчак театрлары да орун алган.
Жергиликтүү жашоочулардын басымдуу бөлүгү мусулмандар болгондуктан, шаардын ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичкенге, пайдаланганга уруксат берилген эмес. Чыгыш жомогунун шары аталган аймака кызыккандардын саны арбын.
Хивага туристтердин келишин көбөйтүү үчүн Өзбекстан президенти Шавкат Мирзёев 33 чакырымды түзгөн темир жол жана беш жылдыздуу мейманкана салуу планы бар экенин белгилеген.
ТҮРКСОЙ аталган шаарга 2020-жылы ар кандай маданий иш-чараларды өткөрөт. Буга чейин Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казан (Татарстан) шаарлары өз учурунда маданий борбор макамын алган. Ал эми 2019-жылы маданий борбору болуп ордолуу Ош шары тандалып алынган. Ага ылайык Ош шаарында бир топ иш-чаралар өткөрүлүп, жалпы түрк дүйнөсүнө Кыргызстандын аты таанылып, маданияты жайылган.
А. Белеков.