Вторник, 17 сентября

Израиль 12 палестиналыкты камады

0

Израиль 12 палестиналыкты камады
Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериадада 12 палестиналыкты камоого алды. Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шериаданын түрдүү аймактарына түнү менен жүргүзүлгөн баскындарда камоого алынгандардын террордук кыймылдарга аралашкандыгы айтылууда. Палестиналыктарды тергөөгө алуу үчүн аймактагы камоого алуу борборуна жиберилгендиги белгиленди. Басып алынган Батыш Шериада менен Чыгыш Кудста бат – бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү ойлор менен палестиналыктарды камоого алууда. Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоолордон кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардын кээ бирлери көптөн бери камакта отурушат. Палестинанын расмий булактарынын билдирүүсүндө, Израиль абактарында 6 миң палестиналык бар. Алардын ичинен 430зу административдик камоодо, 270си балдар. Израиль «административдик камоо» деп аталган бул камоо менен палестиналыктарды чалгындоо маалыматтарына таянып 1 – 6 ай камоого алынууда. Камалган кишинин «Израилдин коопсуздугу үчүн коркунуч туудургандыгына» чечим чыгарылышы менен аскердик сот 5 жылга чейин камоо мөөнөтүн узарта алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз