Вторник, 17 сентября

АКШ Бен Ладендин баласына $ 1 млн. доллар сайды

0

АКШ Бен Ладендин баласына $ 1 млн. доллар сайды
АКШнын Мамлекеттик департаменти “Ал-Каида” террордук уюмунун мурдагы лидери Усама бен Ладендин баласы Хамза бен Ладендин кайда жүргөнүн кабарлагандарга 1 млн. доллар сыйлык берилерин жарыялады
Маалыматка ылайык, Америка мындан эки жыл мурун Хамза бен Ладенди расмий түрдө террорчулардын “кара тизмесине” киргизген. АКШнын Мамлекеттик департаментинин 28-февралда жарыялаган билдирүүсүндө белгиленгендей, Хамза бен Ладен 2015-жылы августта интернет аркылуу аудио-видео кайрылуу жасап, өзүнүн тарапташтарын 2011-жылы америкалык күчтөр тарабынан өлтүрүлгөн атасы үчүн өч алуу үчүн АКШга жана анын өнөктөштөрүнө кол салууга чакырган. «Аль-Каиданын» мурдагы лидери Усама бен Ладен Американын атайын даярдыктагы күчтөрү тарабынан 2011-жылы 2-майда Пакистанда жок кылынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз