Воскресенье, 19 мая

Түркия туризмден $ 50 млрд. киреше табат

0

Түркия туризмден $ 50 млрд. киреше табат
Азыр бул өлкөнүн туристтик жайлары жаңы сезонго чоң камылга көрүп жатышат.
Түркия туризмде быйыл 50 миллион чет элдик туристти жана 50 миллиард доллар пайда табууну көздөөөдө. 2019-жылы туризмде жайкы сезондун ачылышына саналуу күндөр калганда сектордун адистери Антальянын Белек районунда уюштурулган иш-чарага чогулду. Туристтик жайлар жаңы сезонго чоң камылга көрүп жатышат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнөдө 1,3 миллиард адам саякат кылууда. Алардан туристтик өлкөлөрдүн 1,3 триллион доллардык улуттук дүң өндүрүмү түзүлүүдө. 2018-жылды рекорддор менен жапкан Түркия үстүбүздөгү жылды да рекорд менен аяктоону каалайт. Түркия жатак саны жогору жана товар түрдүүлүгү абдан көп өлкө. Акыркы мезгилде «Пакет турлар» туризмде маанилүү үлүшкө ээ болду. Түркия бул тармакта дүйнөнүн эң мыктысы. Туризмде жайкы сезон 15-апрелде «Туризм жумалыгы» менен башталат. Түркия туризмде быйыл 50 миллион чет элдик туристти жана 50 миллиард доллар киреше табууну максат кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз