Төрөткананын кызматкерлери бала сатууга шектелип кармалышты
Кечээ, 28-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө белгисиз аял өзү төрөгөн наристени сатууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ШИИББнин маалымат кызматы билдирди. Ошол замат ыкчам түрдө “текшерүүчү сатып алуу” операциясы уюштурулуп, наристени сатып алуучу катары милиция кызматкери болгон. Аял 5 миң сомду аванс катары алып, наристени шарттуу сатып алуучуга бергенде ал өзү жана аны коштоп жүргөн эки аял кармалышкан.
Алардын ким экендиги ошол замат эле такталды. Өзү төрөгөн наристени 180 миң сомго сатууну чечкен аял 30 жаштагы Бишкектин М. А. аттуу жашоочусу болуп чыкты. Бирок аны коштоп жүргөн берки эки аялдардын ким экендигин билгенде, милиция кызматкерлеринин эси ооп калышты – Т. Ж. Аттуу 49 жаштагы жана Б. А. деген 26 жаштагы борбор калаанын төрөтканаларынын биринде иштеген медициналык кызматкерлер экен.
Бул кылмыштын оорчулугуна байланыштуу учурда укук коргоо органдарынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам топ түзүлдү. Алдыда башка да кылмыштын катышуучуларын аныктоо жана алар мурда да КРнын КЖКнын 171-беренесине боюнча “Адам сатуу” кылмыштарын жасап жүргөн же жүрбөгөндүгүн аныктоо милдети турат.
Кармалгандар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.