Понедельник, 20 мая

Жаңы ДАИШ пайда болууда

0

Жаңы ДАИШ пайда болууда
Мурдагы Ирак президенти жана Мекен коалициясынын лидери Ийад Аллави: “Ирак бир хаос жашап жатат. Учурда аймак жана дүйнө бөлүнүү алдында турат. Жаңы ДАИШ түзүлө баштаганы даана байкалууда”- деди. Аллави Багдадда өткөргөн басма сөз жыйынында “саясаттын жаңы реформасы жана мамлекеттик структураны жаңылоо” урааны менен “Ирак трибунасы” аттуу жаңы саясий уюм түзгөндүктөрүн жарыялады. Бул уюмда Ирак саясатында маанилүү орунду ээлеген кишилер дагы орун алгандыгын белгилеген Аллави: “Бул уюм адамдар карманган мазхабын, бөлүнүүнү же болбосо урууну эмес, өздөрүн таанытат”- деди. ДАИШтин акыркы убакта өлкөдө коопсуздук күчтөрүнө жана жарандарга кол салуусу көбөйө баштагандыгына көңүл бурган Аллави төмөндөгүлөрдү айтты: “Ирак бир хаос жашап жатат. Аймак жана дүйнө да бөлүнүү алдында турат. Ирак жана аймактагы саясий көрүнүштөр бул бөлүнүүгө кеңири жол ачууда. Жыйынтыгында аймак дагы көбүрөөк талкалоолорго жана чыңалууларга дуушар болот. Мурдагы террордук күчтөргө караганда дагы кооптуу болгон үчүнчү жаңы муундагы террор коркунучу жаралууда. Жергебиздеги саясий атмосфера, мазхабчылык жана бөлүнүүлөрдүн натыйжасында терроризмди жок кылуу эмес, ага кайра кенири жол ачуу коркунучу бар . Бул көрүнүштү Ливия, Йемен жана Сирия өлкөлөрүнөн көрүп жатабыз. Жаңы ДАИШ түзүлүүдө жана ал өзүн даана көрсөтө баштады.” Аллави жетектеген Мекен коалициясы 2018-жылдын май айындагы жалпы шайлоонун жыйынтыгында 329 орундан турган Ирак парламентине 21 өкүл жибере алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз