Понедельник, 20 мая

Кашыкчыны өлтүргөндөр жазаланабы?

0

Кашыкчыны өлтүргөндөр жазаланабы?
Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда белгилүү араб журналисти Жемаль Кашыкчынын өлтүрүлүшү тууралуу талаш-тартыштар азыркы күнгө чейин басылган жок. БУУнун сотсуз жана суроо-сопкутсуз өлтүрүү маселесин изилдеген атайын катчысы Агнес Калламард Кашыкчынын өлүмүнө шектүү катары Эр-Риадды көрсөткөндөн кийин дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү эң башкысы БУУнун жасала турган кадамдарына бурулду. Кашыкчынын 2018-жылдын 2-октябрында пландалып өлтүрүлүшүнөн бир канча ай өткөндө кийин гана БУУ өзүнүн кескин позициясын билдирди. БУУнун атайын катчысы Агнес Калламард 28-январдан 3-февралга чейинки Түркияга болгон иш сапары тууралуу билдирүү жасады. Агнес Калламард бул иш сапарында Түрк бийлик менен Кашыкчынын өлтүрүлүшү жөнүндө сүйлөштү. Калламард иш сапары учурунда өзүнө көрсөтүлгө жардам үчүн Түркияга ыраазычылыгын билдирип, чогултулган далилдер Кашыкчынын Сауд Аравия бийлиги пландаштырган ырайымсыз кылмыштын курмандыгы болгонун айгинелээрин айтты. Калламарддын бул билдирүүсү дүйнө коомчулугунда чоң резонанс жаратты. Дүйнөлүк маалымат каражаттары бул теманы кеңири ачып көрсөттү. Калламарддын айтуусунда Кашыкчыны өлтүргөндөрдүн сүйлөшүүлөрүнүн аудио жазуусу үрөй учурат. Сауд Аравиясы болсо, Түркиянын ыкчам, эффективдүү, ар тараптуу, көз карандысыз, обьективдүү жана таза изилдөө жүргүзүүдөгү иш-аракеттерин жокко чыгарды. Түрк тергөөчүлөрүнө кылмыш болгон жерди көрүүгө мүмкүнчүлүк жана жетишээрлик мөөнөт беришкен жок. Кашыкчынын өлтүрүлүшү эл аралык укуктук нормалардын бузулушу болуп саналат. Кашыкчыны өлтүргөндөр жана бул кылмышты уюштургандар өздөрүнүн жазасыз калаарына ишенишкен. Ошондуктан эл аралык коомчулук жана БУУ Кашыкчы ишине көбүрөөк көңүл бөлүшү керек. БУУнун өкүлчүлүгү бүтүндөй өлкөлөрдү Агнес Калламард менен кызматташууга чакырды. Калламард БУУнун адам укугу боюнча Кеңешинин 41-отурумуна өзүнүн иликтөөсүнүн жыйынтыгын сунмакчы. Эксперттер БУУнун 47 өлкө-мүчөсүнөн турган адам укугу боюнча Кеңеши Калламарддын докладын талкуулагандан кийин Сауд Аравиясын жектеген резолюциялык долбоор даярдалат деп ишенишет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы сунуш иретинде болгону менен бул чечим БУУнун Коопсуздук Кызматынын жана дүйнөлүк коомчулуктун колундагы Сауд бийлигине басым кылуучу курал болот. Негизи эл аралык иликтөө иши БУУнун өлкө-мүчөлөрүнүн жана Коопсуздук Кызматынын демилгеси менен гана жүргүзүлөт. Ал эми Калламард болсо, чогултулган далилдер боюнча өзүнүн иликтөөлөрүн уланта берээрин жана Кашыкчынын өлүмү тууралуу маалыматы бар болгондорду БУУнун иликтөөсүнө жардам берүүгө чакырды. Буга чейин Калламард Кашыкчынын өлтүрүлүшүнө тиешеси бар Сауд Аравия бийлигиндеги адамдардын так аттарын атаган эмес, бирок анын БУУнун Адам укугу кеңешине же болбосо адам укугу боюнча Жогорку комиссардык башкармалыгына тийиштүү тизмени берүүсү күтүлүүдө. Мындан сырткары, атайын баяндамачы БУУнун адам укугу Кеңешине бир канча сунуштарды, ошону менен бирге Кашыкчыны өлтүрүүгө тиешелүү деп табылгандарды жазалоо сунуштарын да берет. БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет 2018-жылдын декабрь айындагы билдирүүсүндө, БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссардык башкармалыгынын кылмыш-жаза ишин иликтөөгө укугу жок экендигин айткан. Мындай иликтөөлөр БУУга мүчө өлкөлөрдүн жана уюмдун Коопсуздук Кеңешинин демилгеси менен гана жүргүзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз