Понедельник, 20 мая

Б. Нетаньяху соттолушу мүмкүн

0

Б. Нетаньяху соттолушу мүмкүн
«Ликуд» партиясы кечээ Жогорку Сотко кайрылып, Менделбилттин чечиминин мөөнөтүнөн эрте боло турган шайлоодон мурда билдирилишин талап кылды. Бирок бул кайрылуу четке кагылды.
Башкы прокурор Авичаи Менделблит премьер — министр Беньямин Нетаньяху тууралуу 3 башка териштирүү досьесине байланыштуу так болбогон чечимин билдирди. Израиль басма сөзүнүн билдиргенине караганда, 57 беттик айыптоолорду даярдаган Менделблит маалыматында, «пара алгандыгы жана кызматын өз кызыкчылыгына колдонгондугу», «коррупция жана кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу» кылмыштары менен Израилдин премьер — министринин сот жообуна тартылышы мүмкүн экендигин айтты. Башкы прокурор чечим чыгарардан мурда премьер — министрди да угат. Менделблиттин Нетаньяхуну 9 — апрелде өткөрүлө турган мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоодон кийин угушу күтүлүүдө. Нетаньяхунун партиясы «Ликуд» башкы прокурор Менделблиттин чечимин «саясий зулумчулук» деп атады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз