Понедельник, 20 мая

Түркия Орусия менен виза режимин жоёт

0

Түркия Орусия менен виза режимин жоёт
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Эскишехир шаарында ишкерлер жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Европа Биримдиги менен визасыз тартип боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын, учурда 72 критерийден алтоо гана калганын белгилеп өттү.
М. Чавушоглу мындан тышкары Орусия менен да виза режимин жоюш үчүн алгачкы кадамдар ташталгандыгын билдирди. «Эми Европа биримдиги менен бул 6 критерийди да сүйлөшүүдөбүз. Жакынкы мезгилде коомдук пикир менен бөлүшө турган сот реформасы стратегиясы менен бирге ушундай кеңири сот реформасынын үстүндө иштеп жатабыз.»,- деди М. Чавушоглу. ЕБ менен Бажы Биримдиги келишиминин заманбап шартка ылайыкташтырылышы үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө токтолгон Чавушоглу: «Шенген визасын жоюш үчүн иштеп жатканда, ЕБ менен Бажы Биримдиги келишими тууралуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн сүйлөшүүнү улантуудабыз. Эми жаңы сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн Германиядан тышкары ЕБдин башка мүчөлөрү менен да иштөөдөбүз»,- деп айтты. Чавушоглу, бир тараптан башка өлкөлөр менен эркин соода же артыкчылыктуу соода келишимин сүйлөшүүлөрүн улантып жаткандарын айтты. Жакынкы убакта Украина жана Пакистан менен бул келишимдерге кол коюлуп, сүйлөшүүлөр аяктап калгандыгын айткан Чавушоглу: «Грузия, Украина жана Молдова сыяктуу өлкөлөр менен паспортсуз саякатты ишке ашырдык. Буюрса, эми Орусия менен да визаларды жоюш үчүн кадамдарды таштадык»,- деп айтты ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз