Понедельник, 20 мая

Экономиканы таштак жерлер көтөрөт

0

Экономиканы таштак жерлер көтөрөт
Бул тууралуу 4-мартта Жогорку Кеңеште «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу учурунда айтылды.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Мирлан Бакиров коомдук угуунун катышуучуларына долбоор эмне максатты көздөп иштелип чыккандыгын түшүндүрүп берди. Мыйзам долбоорунун концепциясында асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүүгө көп жылга пайдаланууга берүү максаты коюлган. Тагыраак айтканда, бонитети төмөн жайыттарды көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды тигүү үчүн трансформациялоого багытталган. Муну менен айыл чарба жерлерин кыйла интенсивдүү пайдаланууга жетишилет. Асылдуулугу төмөн жайыттарда топурактын эрозиялык процесстери токтойт. Багбанчылык өнүгөт. Калк өз алдынча жумуш орундарын түзүп, кирешелери өсөт. Республиканын экспорттук дарамети жогорулап, экономикага да чоң салым кошот, экологиянын жакшырышына өбөлгө болот. Кайра иштетүүчү ишканаларга чийкизат базасы түзүлөт. Салыктык кирешелер көбөйөт. Себеби, мурда жайыт үчүн бир гектарга 12 сомдон белгиленген болсо, бул жерлерге мөмө-жемиш бактары тигилет. Бакчалар үчүн салык 25 сомдон болуп, салыктык кирешелер артат.
Угуунун жүрүшүндө Юстиция министринин орун басары Эсеналиев Өкмөттүн мыйзам долбооруна концептуалдык каршылыгы жоктугун, айрым беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы бар экенин билдирди. Жыйынга катышып отурган бир катар эл өкүлдөрү өлкөдө багбанчылык өнүгүп жаткан маалда асылдуулугу төмөн жерлерди иштетүүгө багытталган бул маселени кубаттоого алышты. Ошондой эле мыйзам долбооруна корутунду чыгарып бербей кармап келген аткаруу бийлигин сынга алып, долбоорго сунуштоочу өзгөртүүлөрү менен келишин талап кылышты.
Катышуучулардын бир тобу мыйзам долбоору кабыл алынса жер пайдалануучулардын жер иштетүүсүнө фундаменталдуу негиз болуп берет эле деген ой-пикирлерин айтып, колдоого алышты. Бир катар катышуучулар болсо долбоордо коррупцияга жол берчү жагдайлар бар экенин, тагыраак айтканда, кийин тиешелүү комиссия жерди кунардуу же кунардуу эмес деп аныктоодо коррупциялык аракеттерге барышы мүмкүндүгүн белгилешти.
Депутат Мирлан Бакиров өлкө аймагында таш, кум, чаӊ баскан жерлер арбын экенин айтып, аны жашылдандыруу менен экология жана экономикага, ошол айыл өкмөттү дотациядан чыгарууга салым кошууга, жеке үй-бүлөлөрдүн каражат булагынынын арбышына шарт түзүлөрүн баса белгиледи.
Улуттук илимдер академиясынан келген тиешелүү адистер бүгүнкү күндөгү Асланбап токойлорунун абалын, көл жээгиндеги таш баскан талааларды мисалга тартып, мыйзам долбоорун колдоого алышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз