Понедельник, 20 мая

«Бирдиктүү терезе» курулуштагы коррупцияны кыскартат

0

«Бирдиктүү терезе» курулуштагы коррупцияны кыскартат
Курулуш тармагы өлкөбүздөгү коррупция боюнча алдыдагы тармактардын бири экендиги белгилүү. Себеби катардагы прорабдан тартып, министрге чейин арзан материалды кымбат көрсөтүп, ишти тез арада чампалап бүтүрүп салып, айтор миң амалдын бирин таап, акча жешет. Мындан тышкары жеке менчикпи, мамлекеттикпи объектилерди эксплутацияга кабыл алууда ар кандай кемчиликтерди таап чыгышып, анда да оңбогондой акчага туйтунушат.
Көрсө, бул тармактагы коррупциялык айла-амалдарды Өкмөт деле беш колдой билет тура. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун катышуусунда курулуш тармагында «Бирдиктүү терезе» ишин оптимизациялоону киргизүү даярдыгы менен таанышуу учурунда айтылды.
Алгач Мамархитектуранын директору Бактыбек Абдиев курулуш тармагында «Бирдиктүү терезе» программасынын оптималдаштырылган шарттарын сунуштады. Анын айтымында, «Бирдиктүү терезе» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындыгын камсыздоо, коррупциялык тобокелдиктерди кыскартуу, курулуш тармагындагы уруксат процедураларын оптималдаштыруу, курулуш чөйрөсүндө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында түзүлгөн.
Биринчи вице-премьер-министр, мамлекеттик агенттиктин аткарган иши менен таанышкан соң белгилегендей, Мамархитектура тарабынан долбоорлоо жана курулушка документтерди берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуунун негизги критерийи жана чечимдери катары мөөнөтүн 180 күндөн 33 иш күнүнө кыскартуу болуп саналат.
«Бирдиктүү терезе» ишин оптималдаштыруу процессинин жаңы шарттары курулуш чөйрөсүндөгү уруксат берүү процедураларын жеңилдетип, ички гана эмес, тышкы инвесторлор үчүн дагы курулуш тармагында ыңгайлуу шарттарды түзөт», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Белгиленгендей, учурда экспертизалардын ар кандай түрлөрү бар, Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдарына ылайык, түрдүү министрлик жана ведомстволор тарабынан өткөрүлөт, аларга буйрутма ээлери курулушка уруксат алуу үчүн өздөрү кайрылышат. Бул процесс 180 күнгө чейин созулат. Ал эми «Бирдиктүү терезе» ишин оптималдаштыруу комплекстүү экспертиза жана долбоордук-сметалык документтерди электрондук кабыл алууну киргизүү жолу менен адамдык фактордун таасирин максималдуу жоет жана мөөнөтүн кыскартат. Натыйжада, долбоорду колдоо үчүн экспертизада долбоордо аныкталган каталарды оңдоого кеткен убакытты кошпогондо 33 күн кетет.
Андан соң биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек башкы архитектура ишканасынын «Бирдиктүү терезе» бөлүмүнүн иши менен таанышты, мында ага бөлүмдүн ишиндеги жаңычылыктар тууралуу айтып беришти жана иштелип чыккан программаны сунушташты.
Бул программа билдирмелерди электрондук түрдө кабыл алууну жана аларга атайын VPN-канал акрылуу көзөмөл жүргүзүүнү шарттайт, натыйжада документтерди ар башка кызматтарга ташуу зарылдыгы жоюлат, мурда ошол эле шарттарды алуу үчүн жана инженердик түйүнгө кошууга убакыт кетчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз