Пятница, 17 мая

Түркия дагы бир учкучсуз учак жасоодо

0

Анка-2, чалгындоо, байкоо, чабуул милдеттерин ишке ашыра алат.
Түркиянын жаңы учкучсуз учуучу учагы Анка-2 алгачкы учуусун ишке ашырууга даярдалууда. Түрк авиация жана космостук өнөр жайы акционердик коомунун башкы директору Темел Котил: «Анка-2нин моторун 2 күн мурда иштеттик. Унаабыздын алгачкы учуусу үстүбүздөгү жылда ишке ашат»,-деди. Орто аралыкка атуучу, асманда көпкө кала алган, 2 мотордуу Анка-2, чалгындоо, байкоо, чабуул милдеттерин ишке ашыра алат. 25 миң фут бийиктик, 24 саат тынымсыз учуу өзгөчөлүгүнө ээ болгон Анка-2, 700 килограммдан ашык пайдалуу жүк ташый алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз