Афганистанда селден 8 киши набыт болду
Гельманд губернаторлугунун катчысы Өмер Зувак мындан тышкары дагы 8 кишинин жаралангандыгын билдирди.
Афганстандын түштүгүндөгү Гельманд аймагында бир канча күндөн бери тынымсыз жааган жамгыр селге айланып, 8 адамдын өмүрү кыйылды. Гельманд губернаторлугунун катчысы Өмер Зувак массалык маалымат каражаттарына берген маалыматта жамгыр жаашынан улам пайда болгон селден 8 кишинин каза болгондугун билдирди. Мындан тышкары дагы 8 кишинин да жаралангандыгын айткан Зувак жүздөгөн кишинин үйлөрүнөн чыга албай калгандыгын белгиледи. Зувак селден улам миңден ашуун үйдүн кулагандыгын, куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын маалымдады. Бир тараптан Кандахар аймагында да 2 күн мурда болгон сел апаатында 20 киши каза болгон.