Воскресенье, 12 мая

15 жылдан кийин Россия калкынын үчтөн бири мусулмандар болот

0

15 жылдан кийин Россия калкынын үчтөн бири мусулмандар болот
Мындай пикирди Россиянын Муфтийлер кеңешинин төрагасы, муфтий Равиль Гайнуддин айтты.
Жакынкы 15 жылда Россия калкынын арасындагы мусулмандардын саны 30 пайызга чейин өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу РФнын мусульмандар башкармалыгынын жана Россиянын Муфтийлер кеңешинин төрагасы, муфтий Равиль Гайнутддин билдирди.
«Адистердин божомолунда, алардын айтканынан шек санабайбыз, дагы он беш жылдан кийин Россия калкынын 30 пайызга чейинки калкын мусулмандар түзөт», — деди Гайнутдин, РФнын Мамлекеттик Думасында өткөн илимий-практикалык конференцияда «Россиядагы исламдын тарыхы: мекенчилдик салттар жана жанаша жашоо» аттуу темада сүйлөгөн сөзүндө.
Муфтий 2018-жылы Курбан айтта укук коргоо органдарынын расмий маалыматы боюнча, намаз окуганга 320 миңден ашык мусулмандар келишкендигин эске салды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз