Воскресенье, 28 апреля

Христиан радикалдарынын геосаясаттагы орду

0

Христиан радикалдарынын геосаясаттагы орду
Иудаизм менен христиандыкты жалпы негиз катары кабыл алган евангелисттер бүтүндөй Латын Америка аймагын башаламандыкка алып баратышат.
Аль-Каида уюму АКШнын Борбордук Чалгындоо Кызматы (ЦРУ) тарабынан колдоо көрүп, Афганистанда жолу ачылгандыгы жөнүндө көп айтылып келет. Мына ошондой эле Жакынкы Чыгышта PKK, ДАЕШ, YPG сыяктуу Америка колдогон уюмдардын саны арбын. Негизи Америка өкүмөтү аша чапкан топторду “террорист” катары бөлүп карайт. Бирок курал алып жүргөн топтордун террорист болуп болбошу ал топтордун кимге кызмат кылуусуна байланыштуу өзгөрүп турат. Башкача айтканда Америка кайсы бир географиялык аймакка же өлкөгө кирүүсү керек болгондо, алгач ал жерде куралчан согушчул күчтөрдү колдоп, ал аймакка өзүнүн аскерлеринин кирүүсүнө зарылчылык бардай шарт түзөт. Вашингтондун мындай кош оюндары жана Американын Талибанды же болбосо терроризмди колдоосу тууралуу сын пикирлер Пакистан тараптан да айтылууда.
Америка президенти Трамп теократиялык мамлекет курууга аракет кылууда жана анын АКШнын Улуттук Саясий Кеңешти кайрадан куруу аракети дал ушул нерсени көрсөтүп турат. Трамптын эң жакын адамдары болгон президенттин жардамчысы Пэнс, тышкы иштер министри Помпэо, коргоо министри Маттис жана коопсуздук кеңешчиси Болтон христиан дининдеги аша чапкан оңчул-улутчул евангелисттердин мүчөсү болуп эсептелишет. Бул теократиялык кабинаны түзүү үчүн ондогон коомдук ишмерлер алмаштырылды.
Муну менен катар америкалык евангелисттер менен Латын Америкадагы евангелисттеринин арасында тыгыз мамиле бар деп айтууга болот. Өзгөчө Бразилияда болгон акыркы шайлоодо евангелисттер солчулдарга агрессивдүү түрдө каршы чыгышып оңчул улутчул саясатчыларга катуу колдоо көрсөтүштү. Тагыраак айтканда Чилиде Пинера, Бразилияда Болсонаро, Аргентинада Мажри, Гватемалада Моралес, Колумбияда Дуки, Парагвайда Бенитез жана Перуда Визжара Латын Америкада динчил христиан евангелисттердин жана жөөт лобилеринин колдоосу менен шайланышты. Бул лидерлер өз өлкөлөрүнүн салттуу саясатына каршы чыгып, ЛГБТ укуктарын кысымга алуучу, аялдар укуктарына чектөө алып келүүчү, абортко каршы чараларды катаалданткан, исламофобиялык мүнөзгө ээ жана Израилди колдогон саясатты ишке ашырууга аракет кылышып, динди жаюуга басым жасашууда.
Бул лидерлер шайланган күндөн тарта Американын кол алдында саясат жүргүзүүдө. Бул өлкөлөр өзгөчө Иерусалим маселеси боюнча парламенттериндеги добуш берүүдө Америка жана Израилге колдоо көрсөткөн позицияда болушту. Азыркы учурда ушул күнгө чейин араларында эч кандай кошуналык мамиле болбогон Аргентина, Чили жана Парагвай биргелешип Венесуэлага каршы агрессивдүү саясат жүргүзүүдө.
Трамп евангелисттик чиркөөлөргө, башкача айтканда “христиан Талибанына” колдоо көрсөтүп, аларды Латын Америкага экспорттоп жатат. Афганистанда Талибан кандайча исламды жамынып алып кылмыш жасаган болсо, Латын Америкада да иудаизм жана христиандыкты жамынган евангелисттер бүтүндөй аймакты башаламандыкка түртүүдө. Советтер Союзуна каршы түптөлгөн Афганистандагы Талибан Американын Азия жана Орто Чыгыш саясаты үчүн кандайча колдонулган болсо, диний салттарды жана христиан баалуулуктарын жамынган латын америкалык евангелист лидерлер өздөрүнүн өлкөлөрүнүн кызыкчылыгынын эмес, Америка жана Израилдин максаттарынын ишке ашуусуна курал катары пайдаланылып жатышат. Ошентип христиан дүйнөсү өзүнүн радикал көз карашын Американын колу менен Латын Америкада жайылтууда, ал эми Латын Американын оңчул бийлиги жана лидерлери бул максатка кызмат кылуучу саясатты ишке ашырууда.
Евангелисттер аша чапкан динчилдикти карманып, айлана чөйрөсүн теократиялык мыйзамдарды бекем карманууга мажбурлоодо. Латын Америкада бийлике келген христиан радикалдары да дал ошол нерсени аткарып атышат. Бразилияда евангелисттик бийлик басып алган Америкадан кийинки экинчи чоң өлкө болуп калды. Бийликке келген Жаир Болсонаро евангелисттерге негизделген саясий системаны түзүүдө. Мына ушул себептен социалисттик багытты карманган Мадуронун өкмөтү Трамп жана Болсонарого коркунуч катары кабыл алынып, Мадуронун кулатылышы үчүн “христиан талибаны” жаратылууда.
Ирак, Афганистан, Сирия жана Ливияда болушунча көп убакыт калыш үчүн жана тополоң чыгаруу максатында Америка куралдуу топторду жана жергиликтүү армияны колдонду. Дал ушундай эле Латын Америка менен Венесуэланын ортосунда аскердик чыңалуу жаратыш үчүн болгон аракетин жасап жатат. Жаир Болсонаро 2018-жылдагы Бразилиядагы президенттик шайлоону евангелисттердин жана жөөттөрдүн каражаттарын колдонуу менен утуп алды. Президенттин жардамчысы болуп дайындалган генерал Хэмилтон Моуро болсо Мадуро бийликтен кулатылгандан кийин Бразилиянын аскерлерин Венесуэлага “тынчтык күчү” катары жиберүүгө даяр экендигин айтты. Болсонаро Пентагондун жардамы менен Бразилияда Американын аскердик базасын түзүү оюн жар салды. Перунун тышкы иштер министри Нестор Пополизио да ушундай эле пикирге ээ экенин Американын тышкы иштер министри Майк Помпэо менен болгон жолугушуусунда “Президент Болсонаро менен биргеликте Куба жана Венесуэланын авторитардык режимине каршы күрөш жүргүзүү ниетиндебиз” деп билдирди.
Америка тышкы иштер министри оппозициялык топторго ачык айкын эле 14 миллион доллар берди жана аскерлер менен жашыруун жыйын өткөрдү. ЦРУ жетектеген операцияларды колдоп келе жаткан Американын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Венесуэладагы “саясий оппозицияны” колдоо үчүн каржылады. Жалпылап айтканда бул нерселер Венесуэладагы баардык саясий процесстер мыйзамсыз деген көз карашты калыптандырууга багытталгандай. Венесуэладагы саясий оюндар өкмөттү шайлоодо жеңүү эле эмес, саясий хаос аркылуу өкмөттүн популярдуулугун балталоону, башкача айтканда сырттан белгилүү бир күчтүн кийгилишүүсүнүн зарылчылыгын пайда кылууну максат кылууда.
Мадуро супермаркеттерди кошуп Венесуэладагы баардык ишканаларды аскерий абалга даярдады. Милицияларга курал-жарак таратты. Бул нерсе Колумбия менен тирешүүнү андан да күчөттү. Колумбиянын жаңы президенти Иван Дуки Венесуэла өкмөтүн өзүн өлтүрүүгө киши жиберип жатат деп айыптады. Бразилия жана Колумбия чек арасындагы жүз миңдеген Венесуэлалыктарды айтып Болсонаро менен Дуки Мадурону сындап атышат. Мындай аракет менен Болсонаро жана Дуки Трампка жан тартууда. Мадуро бийлике демократиялык жол менен шайланса да талаш-тартышка себеп болууда. Анткени шайлоого калктын аз бөлүгү эле катышкан. Мадуро авторитардык башкарууну түптөгөн, бирок ал Латын Америкада демократияга жатпаган кандайдыр бир күч колдонууга барган жок.
Болтон жана Америка өкмөтү Бразилия президенти Болсонарону дос катары көрүүсү таң каларлык абал эмес. Болсонаро жана анын тарапташтары болгон евангелисттер, алардын Америка менен болгон жакын мамилеси Бразилияга пайда алып келет деп ишенишет. Анткени 16 жыл өкүм сүргөн солчулдардын бийлигинен кийин Бразилия Америка үчүн биринчи жолу “ишенимдүү” өнөктөш болууда.
Латын Америка өлкөлөрүнүн Венесуэлага аскердик кийгилишүүсү
Жон Болтон Колумбия жана Бразилиянын ашыры оңчул өкмөттөрү менен Венесуэланы согуштуруу үчүн болгон күчүн жумшоодо. Бирок Колумбия жана Бразилия Американын колдоосу жок туруп Венесуэлага аскерлерин киргизүүдөн сактанып турушат. Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөн соң Америкалык мамлекеттеринин уюму түзүлгөндөн кийин согушка каршы болуу бул чоң-кичине бардык Латын Америкалык мамлекеттердин тышкы саясатынын түпкүрүн түзгөн. Узак убакыттан бери уланып келе жаткан “кийгилишпөө саясаты” бүгүн өлкөнүн келечеги үчүн сыноого дуушар болууда. Оңчул-улутчул лидерлер Венесуэла кризисине экономикалык жана саясий жактан эле эмес, аскердик кийлигишүү жагынан да табиттүү карашат.
Венесуэла кризисин жоюу боюнча Перунун борборунда чогулган Аргентина, Бразилия, Канада, Гондурас, Мексика, Панама, Парагвай, Чили, Колумбия, Коста Рика, Гватемала, Гуйана жана Перудан турган 13 өлкө Лима тобун түздү жана Лиманын өзү лидерлик кылууга көңүлдүү экенин көрсөттү. Эл аралык уюм бул мүмкүнчүлүктү Венесуэладагы кризиске саясий бир чечим ойлоп табууда Венесуэлалыктар менен биргелешип, бир позицияда иш алып баруу үчүн колдонушу керек.
Көбөйүп бараткан көч толкуну
Мадуро аша чапкан оңчулдардын Латын Американы “кирдеткенин” айтып Бразилия мамлекетинин президенти Жаир Болсонарону “ фашистке” теңеди.
Колумбия жана Бразилиядагы жаңы лидерлер Мадурону “диктатор” деп айыптоодо. Бул сөз дуэли уланып жаткан кезде күнүнө орто эсеп менен 5500 киши Венесуэланы таштап кетип атышат. Улуттар уюмунун маалыматы боюнча 2019-жылга чейин жалпысынан 5,3 миллион киши Венесуэланы таштап кетти. Бул көч толкунунун айынан Колумбия жана Бразилияда өзгөчө акыркы бир канча айдан бери тынчсыздануулар көбөйүүдө, себеби Венесуэлалык качкындар жалпысынан биринчи Колумбия жана Бразилияга кетип жатышат. Венесуэлалыктардын кошуна өлкө Колумбия жана Бразилияга ооп баруусу бул өлкөдө жашагандарды да кооптондурууда.
Трамп аскердик кийгилишүү жөнүндө айтса да Венесуэланын мунайына бойкот жарыялоого батына албай турат. Айрыкча Помпэонун Латын Америка өкмөттөрүнө жасаган “Венесуэлага каршы аракеттенүү” чакырыгы да ал өлкөлөр тарабынан колдоого алынбады. Мисалга алсак Мексиканын жаңы солчул президенти Андрес Мануэл Лопез Обрадор, Мадурого каршы түзүлгөн Лима уюмуна кошулуудан баш тартты жана ачылышына жөн гана расмий өкулүн жиберди.
Мадуро кандай болсо да Американын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон, Колумбия президенти Иван Дуки жана Бразилия мамлекет башчысынын жардамчысынын ортосундагы байланышты ачыкка чыгарды. Азыр деле Колумбиянын Тона аймагында 734 жалданма аскер тобу даяр турат. Бул жалданма аскерлер Америкада кызмат өтөгөн атайын күчтөр тарабынан колдоо көрүүдө.
Мадуро Америка жана Латын Америкалык кошуналары тарабынан өлкөсүнүн басып алууга дуушар болоорун четке какпайт. Венесуэлага каршы жасала турган аскердик кийгилишүү Венесуэланы андан да туруксуздаштырат жана көптөгөн адамдарды жашаган жерлерин таштап кетүүгө түртөт. 2003-жылы Иракты басып алган учурдагыдай эле Венесуэланы басып алуу үчүн жок дегенде 100 миң аскер кызматкери керек. Венесуэлалыктардын көпчүлүк бөлүгү, анын ичинде оппозиция да Каракаста Америка байрагынын желбирешин каалабайт.
EXXON MOBILE жана ЦРУнун согуш даярдыгы
Аргентина, Чили, Колумбия, Парагвай жана Перу инсандыка каршы күнөө жасады деген жүйө менен Мадуро өкмөтүн жоопко тартуу боюнча Гаага сотуна арыз беришкен. Январь айында Лима уюму тарабынан Мадуро тууралуу маалымат жарыяланган соң Венесуэла флоту Норвегиялык мунай фирмасына (PGS.OL) таандык болгон жана EXXON фирмасы тарабынан ижарага алынган сейсмологиялык байкоо жүргүзүү кемесин чек араны бузду деп колго түшүргөн. Натыйжада аймакта тирешүү андан да жогорулап Америка менен Венесуэла ортосунда дагы бир кризис пайда болду. Венесуэла кемени бир жумадан кийин кое берди. Бул көрүнүштү Гайана баш болгон Латын америка өлкөлөрү катуу сындашты.
Бүтүм
Эл аралык коомчулук Венесуэлага каршы чара колдонууга даяр. Азыркы учурда маселе согушту карай бара жаткандыгы ачык эле көрүнүп турат. Аябай чоң саясий күчтөр оюн ойноп жатышат жана аларга каршы чыгуу жана аларды токтотуу үчүн керек болгон нерселер өтө эле аз. Америка, Канада, Евробиримдик, Япония, Австралия жана Латын Америкадагы Лима уюмунуна кирген өлкөлөр, башкача айтканда жалпысынан 50 өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкө Венесуэладагы шайлоо жыйынтыгын тааныбады. Кандай гана согуш пландары түзүлбөсүн дүйнөдөгү башка либерал демократ өлкөлөрдөн да колдоо алары толук мүмкүн. Мындан ары карап отуруу чечим болбойт. Бирок жергиликтүү күчтөрдүн же Американын Венесуэлага аскердик кийгилишүүсү Венесуэладагы кризисти чечүү жолу эмес. Бүгүн Американын Венесуэлага кол салууга даяр экенине ишенүү кыйын. Бирок Америка жана калган өлкөлөр биригип бир коалиция түзүп, тең салмактуулукту өзгөртүп жибере турган куралдуу көтөрүлүш же болбосо согуш чыгарышы толук мүмкүн.
Венесуэланын мамлекеттик кирешесин ири өлчөмдөгү мунайдын жана жаратылыш газынын экспорту түзөт. Экономикалык жана саясий күч азчылыкты түзгөн элитанын колунда. Ал эми саясий уюмдар алсыз, ошондой эле өз оюн ачык айтып бийликти жоопко тарта турган акыбалда эмес. Айрыкча коррупция кеңири жайылган. Венесуэлада бир автоунааны күйүүчү май менен толтуруу орто эсеп менен 1 евродон дагы арзаныраак. Бирок Венесуэла жаратылыш газынын көпчүлүгүн чет жактагы мунай өндүрүүчүлөрдөн импорттоосу керек. Венесуэланын өзүнүн мунай өндүрүшү урандыга айлана турган деңгээлде. Венесуэла 6,4 триллион метр куб жаратылыш газынын резервине ээ болуу менен дүйнөдө 7-орунда турат. Бирок өндүрүш технологиясы талапка ылайык болбогону үчүн жаратылыш газын иштете албай жатат. Венесуэла дүйнөгө мунай экспорттойт, бирок тазаланган мунайды кайра импорттоп жатат. Венесуэланын өнүгүшү үчүн экономика, укук, саламаттыкты сактоо, илим-билим жб. тармактарга өндүрүш жана өнүгүү инвестициялары жумшалышы керек. Бул көрүнүш канчалык көңүл чөктүрүүчү болсо да Венесуэла кайрадан курула турган деңгээлде.
АКШнын Улуттук коргонуу кеңешчиси Жон Болтон Латын Американын үч өлкөсүнө дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурду. Куба, Венесуэла жана Никаракуага каршы катуу чаралар колдонулаарын айтты. Болтон суук согуш мезгилиндегидей саясатка ишаара кылбаса да, анын кайрылуусу суук согуш учурундагыдай сезимдерди ойготту. Америка Бразилия, Колумбия, Гуйана жана Перу өлкөлөрүнүн аты менен “эркиндикти” өнүктүрүүнү эмес, Латын Америкадагы солчулдардын бийлигин жок кылууну көздөйт. Трамп Жакынкы Чыгышта Иранга каршы Израил жана Сауд Аравияны кыйыр түрдө колдогондой эле, Латын Америкада Бразилия, Перу жана Колумбия менен биргеликте “христиан талибанынын” жетекчилигинде Венесуэлага каршы аскердик операцияга шарт түзүүсү толук мүмкүн. Венесуэланы да Афганистан, Ливия, Сирия жана Йемен сыяктуу эле “өлкөлөр көрүстөнүнө” көмүүнү максат кылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз