Четверг, 19 сентября

Түркиянын экспорту жогорулап, импорту төмөндөөдө

0

Түркиянын экспорту жогорулап, импорту төмөндөөдө
Өлкөнүн соода министри өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүдөгү акыркы көрсөткүчтөргө баяндама берди.
Түркиянын соода министри Рухсар Пекжан 2019-жылдын февралына карата тышкы соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Министрдин маалыматына ылайык, Түркиянын февраль айындагы экспорту 3,7 пайызга – 14, 312 миллард долларга жогорулап, импорту 18,7 пайызга — 16,161 миллиард долларга чейин кыскаргандыгын билдирди.
Анын айтуусунда, глобалдык соодадагы көйгөйлөргө карабастан, Түркиянын экспортунун тарыхында эң жогорку көрсөткүч 2019-жылы февралда байкалган.
«Дүйнөлүк соода кыскаргандыгы бул цифралардан көрүнүүдө. Бирок ушундай кыйын кырдаалга карабастан, түрк экспорту жогорулоодо», — деди Пекжан.
Жыл башынан бери Түркиянын экспорту беш пайызга жогорулап, ал эми импорту – 23,1 пайызга кыскаргандыгын белгиледи ведомствонун башчысы.
Анын айтуусунда, 2019-жылы февралда импортту экспорт менен жабуунун коэффициенти 88,6 пайызга жогорулаган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 69,4 пайызды түзгөн.
«Эгер өткөн жылы январь-февралда бул көрсөткүч 63,9 пайызды түзсө, 2019-жылдын ушул мезгилинде 87,3 пайызга жогорулаган. Жакынкы айларда бул көрсөткүчтөрдүн мындан ары да жогорулашын күтүүдөбүз», — деди Пекжан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз