Четверг, 19 сентября

Чавушоглу: Кудсту эң көп колдогон бул – Түркия

0

Чавушоглу: Кудсту эң көп колдогон бул – Түркия
Мындай пикирин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Хатайда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал ошондой эле башка ислам мамлекеттери АКШ жана Израилден коркуп, эзилген жана кордолгон палестиналыктар тууралуу ооз ачпай жатышкандыгын кошумчалап, аларды сынга алды.
Хатайда жолугушууларды өткөргөн Чавушоглу, Кудс доосун эң көп колдогон өлкөнүн Түркия экенин, берки Ислам өлкөлөрүнүн болсо АКШ жана Израилден тартынышарын айтып, «Ал эмес палестиналыктарга «Сиз да бийик үн чыгарбагыла» деп кысым көрсөткөн айрым өлкөлөр бар»,- деди.
Ислам өлкөлөрүнө карата нааразылыгын «Ушулар Кудсту коргошобу?»,- деп билдирген Чавушоглу: «Өткөн 2 жылда Ислам саммиттеринде жана БУУнун Башкы ассамблеясында АКШ жана Израилге каршы көпчүлүктүн чечими чыгарылып жатканда бул өлкөлөрдүн коркоктугун, тайсалдоосун көрдүк. Эми булар көз караныдсыз эмес, бирок биз көз карандысыз өлкөбүз. Өз чечимибизди өзүбүз чыгарабыз»,- деп айтты.
Дүйнө жүзү менен дагы көп интеграция болуунун маанисине токтолгон Чавушоглу, Түркиянын дүйнөдөгү өкүлчүлүк санынын да ылдам өсүп жатканын түшүндүрүп: «Эми дүйнөдө 242 өкүлчүлүгүбүз бар. Бардык жерде желегибиз желбиреп турат. Өкүлчүлүк санында дүйнөдө бешинчи орунга чыктык. Дүйнөдө эң көп гуманитардык жардам жасаган өлкө болдук. Сан жагынан да биринчи орундабыз, улуттук дүң продукцияга карата эмес. Эки жыл мурда «Улуттук дүң продукцияга карата биринчибиз, сан жагынан алганда экинчибиз» дечүбүз. Эми сан жагынан да биринчи болдук»,- деп айтты.
Сөзүнүн соңунда Сирияда туруктуу чечүүчү жол табылышы үчүн аракет кылып жатышкандыгын белгилеген Чавушоглу: «Буюрса Евфрат дарыясынын чыгыш жагындагы террорчуларды да ал аймактан тазалайбыз, аларды тынч койбойбуз. Себеби бизге мындан башка жол жок»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз