Понедельник, 20 мая

Саудиялык укук коргоочу Түркияга Кашыкчынын өлүмүн иликтөөдөгү көмөгүнө ыраазычылык билдирди

0

Саудиялык укук коргоочу Түркияга Кашыкчынын өлүмүн иликтөөдөгү көмөгүнө ыраазычылык билдирди
«Биз бул кылмыштын артында Мухаммад бен Салман турарын билебиз», — деп билдирди саудиялык укук коргоочу Яхья Ассири Сауд Аравиядагы адам укугунун бузулушу боюнча форумда сүйлөгөн сөзүндө.
Саудиялык укук коргоочу Яхья Ассири Түркияга өз өлкөсүнүн бийлигине оппозицячы, журналист Жамал Кашыкчынын өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүнө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. «Биз бул кылмыштын артында Мухаммад бен Салман турарын билебиз», — деп айтты ал БУУнун Адам укуктары боюнча Женевада өткөн 40-сессиясында Сауд Аравиядагы адам укуктарынын бузулушу боюнча форумда сүйлөгөн сөзүндө.
Ассиринин айтуусунда, Сауд Аравиядагы бир дагы чечим мураскор ханзааданын макулдугусуз кабыл алынбайт. Ал Кашыкчыны өлтүргөндөр азыркыга чейин эркиндикте жүрүшүп, Сауд Аравия БУУнун сотко чейинки жазалоо маселеси боюнча атайын докладчысы Агнес Калламард менен кызматташпай жатышкандыгын айтты.
38 жаштагы Улуу Британияда саясый качкын макамы менен жашаган Ассири Түркиянын Anadolu агенттигине мындай деп билдирүү жасады: «Биз Кашыкчынын өлтүрүлүшү боюнча көзкарандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырабыз. Бул кылмыштын бети мындай иликтөө жүргүзүлмөйүнчө ачылбайт. Өзүн эркин сезген саудиялык режим мындан ары да ушундай кылмыштарды жасай бермекчи».
Ассири Түркияга Кашыкчынын өлтүрүлүшүнүн бетин ачууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, колдон келгендин баарын жасап жаткандыгын, бирок бул кылмыш эл аралык иликтөө жүргүзүү жолу менен гана ачылышы мүмкүн экендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, саудиялык журналист Жамал Кашыкчы 2018-жылы 2-октябрда өз өлкөсүнүн Стамбулдагы консулдугуна никеге туруу үчүн кайрылып, имаратка кирген боюнча кайра чыккан эмес жана ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн.
Бирок маркум кайда, качан жана кантип өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматтар аныкталгандыгына карабай, анын денеси азыркыга чейин табыла элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз