Четверг, 19 сентября

Талибдердин кол салуусунан Ооганстанда 8 жоокер каза болду

0

Талибдердин кол салуусунан Ооганстанда 8 жоокер каза болду
Ооганстандын Балх провинциясынын Давлатабад районунда талибдердин
полиция участогуна кол салуусунан коопсуздук кызматынын 8 жоокери каза
болду.
Балх провинциясынын Коопсуздук боюнча департаментинин өкүлү Адилшах Адил
талибдердин бул кол салуусунан коопсуздук кызматынын дагы 7 жоокери жаракат
алгандыгын билдирди.
Адил ошондой эле кол салуудан кийин болгон атышуу учурунда талибдердин көп
жоочулары өлтүрүлгөндүгүн кошумчалады.
Бул аралыкта "Талибан" кыймылынын өкүлү кол салуу учурунда өкмөттүк
күчтөрдүн 14 жоокери өлтүрүлгөндүгү тууралуу билдирүү жасады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз