Понедельник, 20 мая

Пакистан Индия телеберүүлөрүнө тыюу салды

0

Пакистан Индия телеберүүлөрүнө тыюу салды
Пакистандын Конституциялык Соту өлкө телеканалдарында Индия даярдаган берүүлөрдү телеге чыгарууга биротоло тыюу салды.
Соттогу угууда 2006-жылдагы Лахор Жогорку Соту тарабынан берилген “Индияда даярдалган берүүлөрдү көрсөтүүгө 10% уруксат” чечимине каршы Пакистан электрондук медиа көзөмөл органынын (PEMRA) аппеляциялык арызы боюнча маселе каралды.
Бул угууда PEMRA мүчөлөрү Пакистанда даярдалган берүүлөрдүн Индияда тыюу салынганын эске салышты.
Жогорку Сот Пакистан телеканалдарында да Индия берүүлөрүн көрсөтүүнү белгисиз мөөнөткө токтотууга жана PEMRA тууралуу маселелердин кайрадан Лахор Жогорку Сотунда каралбай тургандыгы жөнүндө чечим чыгарды.
Соттун чечими менен сыналгыларда Индия сериалдарын, фильмдерин, оюн-зоок программаларын көрсөтүүгө тыюу салынганы менен басма сөз каражаттарыны тиешелүү мындай чектөө киргизилген жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз