Понедельник, 20 мая

Израилдин прокуратурасы дагеле “Аль-акса” мечитине асылууда

0

Израилдин прокуратурасы дагеле “Аль-акса” мечитине асылууда
Израилдин Башкы прокуратурасы Чыгыш Иерусалимде орун алган “Аль-Акса” мечиттик комплексинин Аль-Рахма (мээримдүүлүк) эшигин жабуу мөөнөтүн узартуу боюнча сотко кайрылды. Бул жөнүндө палестиналык адвокаттардын тобу
кол койгон арызда айтылат. Арызда көрсөтүлгөн маалыматка караганда прокуратуранын иликтөөсү “Аль-Рахманын айланасындагы аймак жөөт бийлиги тарабынан тыюу салынган Исламий мурас комитети тарабынан колдонулуп жатат” деген жалган билдирүүгө негизделген. Бул арызда “Иерусалим диний фонддор башкармалыгынын дипломатиялык
эрежелерди сактоосу керектиги жана жалган маалыматка негизделген иликтөөсүн кайра чакырып алуусунун зарылчылыгы” жөнүндө жазылган. Мурда жөөт бийлиги палестиналык диний ишмерлерге, ошондой эле “Аль-Акса” мечитинин кээ бир кароолчуларына жана зыяратчыларына бул комплекске “Аль- Рахма” эшиги аркылуу кирүүсүнө бир канча айга чейин тыюу салган. “Аль-Рахма” эшиги биринчи жолу жөөт бийлиги тарабынан 2003-жылы жабылган. 2017-жылы жөөт соту бул чечимди узарткан. «Аль-Акса» мечити мусулмандардын биринчи кыбыласы болуп саналат. «Аль- Акса» Израиль басып алган Чыгыш Иерусалимдеги Эски шаарда жайгашкан. Жөөт бийлиги “коопсуздукту сактоо” шылтоосун жамынып мусулмандардын “Аль-Акса” мечитине кирүүсүнө тоскоол болуп келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз