Понедельник, 20 мая

КТРКнын жетекчилигине Жайнак Үсөн уулу шайланды

0

КТРКнын жетекчилигине Жайнак Үсөн уулу шайланды
КТРКнын жаңы жетекчиси болуп Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ага Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13у колдоо көрсөттү. Эми ал 19-марттан тартып иштей баштайт. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин жетекчиси Жыпар Жекшеев билдирди. КТРКнын азыркы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү 19-мартта аяктайт. Ага чейин эски жетекчи жаңы шайланган жетекчиге документтерди өткөрүп берет. 1-мартта телеканалдын директорлугуна талапкер болгон 17 кишинин ичинен сегизи: Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалдык баскычка өтүшкөн болчу. Бүгүн, 6-мартта сегиз талапкердин дагы бирөө, акын Мирлан Самыйкожо өзү арыз жазып, талапкерлигин алып салгандыгы белгилүү болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз