Понедельник, 20 мая

Оштун стадиону оңдолуп, туристтик жайга айланат

0

Оштун стадиону оңдолуп, туристтик жайга айланат
Ош шаарындагы борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадион оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мэриянын кеңейтилген аппараттык жыйынында билдирди. Бул иштер “Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” алкагында болоору белгиленди. Стадионду оңдоодон сырткары шаардагы негизги көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн, көп кабаттуу үйлөрдүн, тейлөө чөйрөсүндөгү имараттардын сырткы көрүнүштөрүн оңдоп-түздөө, заманбап жасалгалоо жана имараттарды жарыктандыруу, тарыхый эстеликтерди, туристтик обьектерди, музей, кинотеатрларды оңдоо, калыбына келтирүү, Ош шаарынын тейлөө тармагынындагы кафе, ресторан, мейманканалардын сапатын жакшыртуу жумуштарын аткаруу пландалууда. Белгилей кетсек, Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду 12 млн. долларга капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча атайын долбоор даярдалып бүткөнү кабарланган. Долбоордо – стадиондун бардык трибуналарынын үстүн жабуу, чуркоо тилкесин резина менен каптап чыгуу сыяктуу иштерди аткаруу каралган. Булар тууралуу стадион директору Алмазбек Сулайманов билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз