Воскресенье, 19 мая

Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунда өтүүчү иш-чаралар бекитилди

0

Быйыл, 2019-жылы, Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп тандалгандыгына байланыштуу, ага карата өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө жергиликтүү бийлик чоң жыйында элге маалымат берди.

Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, вице-мэри Нурбек Кадыров ушул жылдын апрель айынан баштап, декабрь айына чейин шаарда жалпысынан 25 иш-чара өткөрүү пландалганын билдирди.
“Анын ичинен 22 эл аралык, 1 республикалык, 2 жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар”,-деди Н.Кадыров. Шаар жетекчиси Таалайбек Сарыбашов Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору наамына ээ болушу Ош шаары эле эмес, Кыргызстан үчүн чоң сыймык экендигигин билдирди.
“Бул жоопкерчиликтүү жана тарыхый мааниси зор иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү ар бирибиздин милдетибиз. Андыктан, кыска убакыттын ичинде көптөгөн жумуштарды жасашыбыз керек. Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн эстетикалык көрүнүшүн, көп кабаттуу үйлөрдүн, тейлөө сферасындагы имараттардын сырткы көрүнүштөрүн оңдоп-түздөө, заманбап жасалгалоо жана имараттарды жарыктандыруу, тарыхый эстеликтерди, туристтик обьектерди, музей, кинотеатрларды оңдоо, калыбына келтирүү, Ош шаарынын тейлөө тармагынындагы кафе, ресторан, мейманканалардын сапатын жакшыртуу жумуштарын аткарышыбыз керек”,-деди ал.
Ошондой эле, маданий иш-чаралар өтүүчү обьекттерди, сейил бактарды оңдоо да негизги иш-чаралардын сап башында турат.
Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов белгилегендей, ачылыш аземи шаардагы А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо өткөрүү пландалып, ага миңдеген адамдар катышат. Учурда Өкмөт, шаардык мэрия демөөрчүлөр менен бирлегикте стадионду оңдоп түзөө иштерин баштады. Быйыл Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында Ош шаарына чет өлкөлөрдөн миңдеген туристтер, республиканын бүт аймактарынан коноктор келээри күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз