Пятница, 20 сентября

Азербайжан Бишкекте мектеп жана парк курат

0

Азербайжан Бишкекте мектеп жана парк курат
7-мартта борбор калаанын бийлигинде Бишкек мэриясы менен Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин ортосунда Гейдар Алиев атындагы паркты жана жалпы билим берүүчү мектепти курууда кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу иш чарасы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Документтерге борбор калаанын мэри Азиз Суракматов жана Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гидаят Худуш оглы Оруджевдер тарабынан кол коюлду. Меморандумга ылайык муниципалитет элчиликке убактылуу бекер пайдалануу үчүн А. Токомбаев көчөсүндөгү 5,5 гектар жер участогун Гейдар Алиев атындагы паркты курууга берет. Борбор калаанын мэриясы ошондой эле элчиликке убактылуу бекер пайдалануу үчүн Көк-Жар жаңы конушундагы Молдокулов – Куйручук көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2,24 гектар аянтты 550 орундуу мектепти курууга берет. Бул объектилерди курууда шаар бийлиги архитектуралык-пландоо иштерин (АПИ – АПУ) жана инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ) жасоодо көмөк көрсөтөт. Жогорудагы эки курулуш тең Азербайжан Республикасынын каражатына курулат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз