Четверг, 19 сентября

Катар ФИФАга миллиард долларга жакын акча берген

0

ММК: Катар жашыруун түрдө ФИФАга ДЧ өткөрүү үчүн миллиард долларга жакын төлөгөн
Британиялык журналисттердин иликтөөсүндө катардык чиновниктер 2022-жылдагы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугун алуу жана сактап калуу үчүн эбегейсиз сумманы сарпташкандыгы аныкталды.
Шайлоого чейин аз убакыт калганда ДЧ-2022ни өткөрүүчү кожоюн-мамлекет болгон катардык тарап ФИФАга ыраакы чыгыштык өлкөнүн пайдасына добуш берүүнүн “туура” жүрүшү үчүн 400 миллион доллар сунуштагандыгы тууралуу маалымдалууда. Андан соң Катар ДЧтын өткөрүү укугунан ажырап калбаш үчүн дагы 480 миллион төлөгөн.
Мындан тышкары катардык “Аль-Жазира” телекомпаниясы мелдешти телевидениеден түз алып көрсөтүү укугуна 100 миллион доллар жумшоого макул болгон.
ФИФАнын эрежеси боюнча, талапкер-өлкөлөр ири мелдештерди өткөрүүнүн шайлоо процессине кийлигише алышпайт. Болгондо да журналисттердин маалыматында, уюмдун ошол учурдагы жетекчиси Зепп Блаттер акчаны добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарына бир жума калганда алган.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатын Катарда өткөрүү идеясы бир нече ирет сынга алынган. ДЧ-2022 21-ноябрдан 18-декабрга чейин өткөрүлөт жана тарыхта алгачкы ирет кышкы дүйнөлүк чемпионат болуп калмакчы.
Булак: The Sunday Times

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз