Четверг, 19 сентября

Америкалыктардын жарымынан көбү Трамптын Россия тууралуу сөзүнө ишенишпейт

0

Америкалыктардын жарымынан көбү Трамптын Россия тууралуу сөзүнө ишенишпейт
Америкалыктардын жарымына жакыны Трамп өзү Россиянын жардамы менен шайлоо кампаниясына таасир этүүгө аракет кылган деп эсептешет.
Он америкалыктын сегизи 2016-жылы АКШ президенти Днальд Трамптын шайлоо кампаниясы түздөн-түз Москва менен байланышкан деп эсептешет.
Бул тууралуу 2019-жылы 17-февралдан 4-мартка чейин Reuthers/Ipsos деп аталган мониторинг борборунун анкеталык сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылган.
Ал эми 53% респонденттер Трамп “Россия менен иштегендигине ишенишет, 32% суралгандар кармам-каршы пикирде, ал эми 15%ы так жооп бере алышкан эмес..
Ошондой эле суралгандардын жарымына жакыны Ак үйдүн азыркы кожоюну Россиянын АКШдагы акыркы президенттик кампанияга аралашкандыгы тууралуу иликтөө иштерин токтотууга кызыкдар экендигине ишенишет.
Мындай позицияны респонденттердин жарымы кармашууда. 32%ы каршы пикирде, ал эми 15%ы так жооп бере алышкан эмес.
Так пикирин айта албагандардын пайызы аз болгондугу Россиянын АКШдагы шайлоого аралашуусу мүмкүн экендигин иликтеген атайын прокурор Роберт Миллердин доклады 2020-жылы ноябрда боло турган АКШдагы кезектеги шайлоого өтө деле чоң таасир эте албай тургандыгы боюнча көз караштан улам жаралууда.
Reuters/Ipson сурамжылоосуна 2379 америкалыктар, анын ичинде 888 Демократиялык жана 796 Республикалык партиялардын тарапкерлери катышышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз